Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

Жоржиядагы шайлоо: демократ талапкер алдыда


Жоржиядагы шайлоо. 5-январь 2020-жыл
Жоржиядагы шайлоо. 5-январь 2020-жыл

Америкалык бир катар маалымат каражаттары кабарлашкандай, демократ Рафаэль Уорнок Жоржия штатынан Сенатка орундардын бирин утту. Жеңиши расмий бышыкталса, баптист чиркөөсүнүн пастору штаттын тарыхындагы биринчи ынды кара сенатор болуп калмакчы.

Демократиялык партияга Конгресстин жогорку палатасын көзөмөлдөө үчүн дагы бир орун керек.

3-ноябрда президенттик шайлоо менен бирге өткөн биринчи айлампада талапкерлердин бири да 50 пайыздан көп добуш алган эмес.

Рафаэль Уорнок
Рафаэль Уорнок

Шаршембиде эртең менен Жоржиянын 159 чөлкөмүнөн түшкөн добуштардын 98% саналып бүттү. Расмий жыйынтык кийин жарыяланмакчы. CNN жана "Ассошиэйтед Пресстин" прогноздору Атлантадагы афро-америкалык чиркөөнүн пастору, демократ Уорнок республикачыл талапкер, учурдагы сенатор Келли Лөффлерден озуп чыкканын көргөзүүдө. Добуштардын айырмасы бир процентке жетпегени менен кайра саноону талап кылыш үчүн керек болгон 0,5 проценттен ашат.

Ал эми Сенаттагы дагы бир орун үчүн ат салышта демократ, документалист Жон Оссофф менен республикачы Дэвид Пердью теңме-тең келатышат.

Расмий өкүлдөр почта менен келген бюллетендер көп болгондуктан, жыйынтык дагы бир нече күндөн кийин гана белгилүү болушу мүмкүн деп эскертишүүдө.

Биринчи турда талапкерлердин бири да 50 проценттен көп добуш алган эмес.

Штаттагы шайлоого өзгөчө көңүл бурулууда. Учурда Сенаттагы 100 орундун 50сү республикачыларга, 48и демократтарга таандык. Эгерде Уорнок менен Оссофф жеңсе, анда Сенатта демократтар 50 орунга ээ болот, республикачылар 50 орунду сактап кала берет.

АКШнын шайланган вице-президенти, демократ Камала Харрис Сенаттын төрайымы катары добуш бере аларын эске алганда, демократтар палатаны өз көзөмөлүнө алышмакчы. Андай болсо, шайланган президент Жо Байденге мыйзам чыгаруу демилгелерин ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Эмне дегенде демократиялык партия Өкүлдөр палатасында көпчүлүккө ээ.

Байден жана президент Дональд Трамп экинчи айлампа алдында, 4-январда штатка барып, өз партияларынын талапкерлери үчүн үгүттөштү.

Былтыр 3-ноябрдагы президенттик жарышта Жоржияда жеңген 30 жылдан берки алгачкы демократ-талапкер болгон Байден бул добуш берүү алдыдагы төрт жылдын багытын гана эмес, келечек муундун жолун аныктайт деп кайрылды:

"Оппозициядагы досторубуз ачылыш жасап жаткандай, бийликтин булагы эл. Бул биздин тарыхыбыз, биздин мыйзам, биздин салт, биздин Конституция, биздин демократия. Саясатчылар бийликти орнотуп же басып ала алышпайт. Бийликти жалгыз Америка эли гана тапшырып бере алат".

Республикачы талапкер Келли Лөффлер жана президент Доналд Трамп. Жоржия, 4-январь 2020-жыл
Республикачы талапкер Келли Лөффлер жана президент Доналд Трамп. Жоржия, 4-январь 2020-жыл

Трамп шайлоочуларга кайрылуусунда “Биз сүйгөн Американы сактап калуу үчүн бул акыркы шанс” деп айтты:

"Эртеңки добуш берүүңөр Кошмо Штаттардын Сенатын ким көзөмөлдөрүн аныктайт. Радикал демократтар Жоржиянын Сенаттагы ордуларын басып алып, жашооңордун ар бир чөйрөсүндө чексиз бийлигин орнотууну көздөшөт. Биз аягына чейин турабыз".

Республикачылар жеңип кетсе, анда демократтарга Сенатта экономикалык саясат, климаттагы өзгөрүүлөр, сотторду дайындоо өңдүү маселелерде программаларын алга жылдыруу кыйындашы мүмкүн.

Жоржиядагы добуш берүү Конгресс Шайлоочулар коллегиясынын Байдендин жеңишин тастыктаган бүтүмүн бекитүү үчүн сессияга чогулар алдында өттү.

Утулганын моюнга албай келаткан Трамп тарапташтарын бул күнү Вашингтонго чогулууга үндөгөн.

Трамп эч бир ынанымдуу далил келтирбестен, шайлоо олуттуу мыйзам бузуу, бурмалоо менен коштолгонун айтып келет. Бирок анын добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн арыздарынын көбүн соттор четке каккан. Президенттик шайлоонун жыйынтыгын өзгөртүү аракетин оппоненттери гана эмес, айрым партиялаштары да Американын демократиялык баалуулуктарына чабуул катары сыпатташат.

XS
SM
MD
LG