Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

АКШда Трампты колдогондордун акциясы өтөт


Вашингтондо өткөн айда Трамптын жүздөгөн тарапташтары менен жергиликтүү активисттер кагылышкан.
Вашингтондо өткөн айда Трамптын жүздөгөн тарапташтары менен жергиликтүү активисттер кагылышкан.

АКШнын Вашингтон шаарында кызматтык мөөнөтү бүтүп бараткан президент Дональд Трамптын тарапташтарынын митинги учурунда коомдук коопсуздук камсыздоого Улуттук гвардия да тартылат.

Трампты колдоп-сүрөгөндөр Конгресс президенттик шайлоонун жыйынтыгын расмий бекитип жаткан маалда нааразылык акциясына чыгарын жарыялашкан.

Шайлоочулар коллегиясы өткөн айда добуш берүүдө Жо Байден утканын ырастаган. Дональд Трамп болсо жеңилгенин дагы деле мойнуна албай келет.

Трамптын тарапташтары анын шайлоо олуттуу мыйзам бузуу менен өткөнү тууралуу билдирүүлөрүн колдоп, Вашингтондо 5-6-январь күндөрү калайман каршылык акцияларын өткөрүүгө камданып жатат.

Конгресс 6-январда жыйынга чогулуп, соңку президенттик шайлоонун жыйынтыгын расмий бекитмекчи. Өткөн айда Шайлоочулар коллегиясы Жо Байден утканын бышыктаган. Анда Байден Шайлоочулар коллегиясынын 306 добуш алган, Трампка болсо 232 добуш тийген.

Трамп дүйшөмбүдө президенттик кызматта калууга "болгон күчү менен кармашарын" билдирди. Ал республикачы мыйзам чыгаруучуларды Конгресстин Жо Байдендин жеңишин расмий бекитишине каршылык көрсөтүүгө чакырды.

Адатта Конгресстин президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитип бериши формалдуу эле көрүнүш болуп келген. Бирок бул жолу бери дегенде 12 республикачы сенатор жана Өкүлдөр палатасынын 140тай республикачы өкүлүнүн айрымдары шайлоонун мындай жыйынтыгына каршы добуш беришерин билдиришкен.

Трамп эч бир ынанымдуу далил келтирбестен, шайлоо олуттуу мыйзам бузуу менен коштолгонун, көз боёмочулук болгонун айтып келет. Бирок анын добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн соттошуу аракеттеринен майнап чыккан эмес. Кошмо Штаттарынын Юстиция министрлиги да анын дооматтарына негиз жоктугун жарыялаган.

Трамп өз тарапташтарынын митингин колдоп жатат. Ал жекшембиде каршылык акцияларына барып, сөз сүйлөшү мүмкүн экенин да билдирди. Ал "Твиттердеги" баракчасына "Мен ал жерде болом. Тарыхый күн" деп жазган.

Дүйшөмбүдө Вашингтондун мэри Мюриэл Баузер коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөгө Улуттук гвардиядан жардам сурап кайрылды. Шаар башчысы жергиликтүү тургундарды 5-6-январь күндөрү борбордон оолак болууга, "урушарга жоо таппай, урунарга тоо таппай жүргөндөр" менен кайым айтышпоого чакырды.

Демократ мэр басма сөз жыйынында АКШнын Баш мыйзамы күчүндө экенин, Жо Байден менен Камала Харрис 20-январда кызматка расмий киришип, "президент жана вице-президент" болорун белгиледи.

Колумбия округунун Улуттук гвардиясы бул күндөрү 300дөн ашык аскер кызматкери коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөгө, өрт өчүрүүчү жана куткаруучу кызматтарга жардам берүүгө даяр турарын билдирди. Аскер кызматкерлери жанына курал албайт жана чопкут кийишпейт.

Полициянын башчысынын милдетин аткаруучу Роберт Конти коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн, анткени бул күндөрү шаарга "айрым адамдар ок атуучу курал көтөрүп келүүгө камданып жатканын, бирок ага жол берилбесин" эскертти.

Полиция шаардын борборунун баарына Вашингтондо курал-жарак алып жүрүүгө тыюу салынганын, курал тууралуу эң катаал мыйзам бар экенин эскерткен жазууларды илип чыкты.

Шаар бийлиги өткөн айда Трамптын жүздөгөн тарапташтары менен жергиликтүү активисттер кагылышкандан кийин сактык чараларын күчөттү. Анда бир нече адам бычак жеген, ынды каралардын укугун коргоого чакырган жазуулар тытылып-өрттөлгөн.

Бул акцияга Трампты колдогон, жалаң эркектерден турган "Proud Boys" тобунун жүздөгөн мүчөлөрү да катышкан. Вашингтондун полициясы 4-январда аталган топтун лидери Генри «Энрике» Тарриону камакка алды, ага өткөн каршылык акцияларында мүлктү бүлдүргөн деген айып коюлду.

XS
SM
MD
LG