Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

АКШ Конгрессинин жаңы курамы ишин баштады


Нэнси Пелоси.
Нэнси Пелоси.

АКШдагы ноябрда шайланып келген Конгресстин жаңы курамы 3-январда ишин баштады. Бул парламент өлкөдө президенттик шайлоонун жыйынтыгынан айрым республикачылар күмөн санап, арызданууга даярданып жатканда ишке киришти.

Бул жолу Өкүлдөр Палатасында Демократиялык партиянын мүчөлөрү бир канча мандатты жоготсо да көпчүлүктү сактап калышты. Америкалык мыйзам чыгаруу органынын төмөнкү палатасында демократтар 222, ал эми республикачылар 211 мандатка ээ болгон. Өткөн чакырылышта демократ конгрессмендер азыркыга караганда 10 кишиге көп болчу.

Ушул эле күнү Өкүлдөр Палатасынын спикерлигине 80 жаштагы Нэнси Пелоси кайрадан шайланды. Ал атаандашы, республикачы Кевин Маккартниге караганда сегиз добуш айырма менен өлкөдөгү үчүнчү маанилүү кызмат болгон спикерликти кайрадан ээледи.

Маккартни Өкүлдөр Палатасынын спикеринин балка сымал атрибутун Пелосиге берип жатып:

«Мен спикерди куттуктагым келет. Менде андай балка жок. Спикер айым, сизге муну өткөрүп жатып, ушул имараттагылар өкүлчүлүк кылган Америкадагы бардык добуштарды эске алышыңызды суранам», - деди.

Демократ Нэнси Пелоси - 2003-жылдан бери бул кызматты төртүнчү жолу ээлеген жалгыз айым саясатчы.

Эми Конгресстин алгачкы иши өлкөдөгү президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитүү болуп саналат. Бул үчүн парламенттин кош палатасы 6-январда жалпы отурумга чогулуп, Жо Байдендин жеңгенин расмий түрдө бекитиши керек.

Бирок он чакты республикачы-сенатор президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгарын билдиришти. Бул АКШнын тарыхындагы мурда-кийин болбогон окуя катары кабыл алынууда.

2-январда таратылган билдирүүдө Республикалык партиянын АКШ Сенатындагы он өкүлү жана сенатордукка жаңы шайланган техастык Тед Круз келерки аптада АКШ Конгрессинде Шайлоочулар коллегиясынын жыйынтыгы баяндалып жатканда Жо Байдендин шайлоодогу жеңишине каршы пикир билдирүүгө камынып жатышканы айтылган болчу.

Жо Байден.
Жо Байден.

Алар «2020-жылдын 3-ноябрындагы шайлоо ушунчалык чоң көлөмдөгү добуш бурмалоо менен өттү» деп билдиришти, бирок бул доо үчүн олуттуу далил көрсөтө элек. Ошондуктан алар добуш берүү жыйынтыгы талаш жараткан штаттарды текшерүү боюнча Конгрессте атайын комиссия түзүп, 10 күн ичинде текшерип чыгууну сунуш кылып жатышат. Бул демилгени Конгресстеги айрым республикачылар колдоп чыгышы мүмкүн.

Жо Байдендин шайлоо штабынын өкүлдөрү бул «негизсиз сөздөргө таянган амал» деп атады. Шайланган президенттин өкүлү Майкл Гвин:

«Бул амал Жо Байдендин 20-январда ант берип, кызматка киришүүсүн өзгөртө албайт. Бул негизсиз билдирүүлөрдү Трамп өзү дайындаган башкы прокурор, бир нече соттор жана шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү бир канча жолу карап, четке чыккан», - деп билдирди.

Шайлоочулар коллегиясынын Конгресске багытталган баяндамасы символдук гана мүнөзгө ээ, ал эми шайлоонун жыйынтыгын четке кагууну каалагандардын далалаты майнапсыз болору алдын-ала айкын деп билишет.

Ошентсе да мындай кадамды шайлоонун жыйынтыгына көлөкө түшүрүү аракети катары парламенттеги демократтар жана айрым республикачылар сындап чыгышты.

Анткен менен мөөнөтү аяктап жаткан Дональд Трамп дагы эле шайлоодо жеңилгенин расмий түрдө моюнга албай келет. Ал шайлоонун жыйынтыгы үчүн күрөшүн улантарын айтууда.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Трамп учурда бетине кармап, добуш берүүнүн жыйынтыгына күмөн санап жаткан штаттардын бири - Жоржия. Бул штатта Трамп Байденге 12 миңге жакын добуш айырмачылыгы менен жеңилип калган.

2-январда «Washington Post» басылмасы Дональд Трамп менен Жоржия штатынын мамлекеттик катчысынын телефондон сүйлөшүүсүнүн аудиосун жарыялады. Анда Трамп республикачы аткаминерди көкүтүп, штатта утуп чыгышы керек экенин айтканын угууга болот.

«Мен жөн гана 11780 добуш табышым керек болуп жатат», - деген АКШ президенти.

Шайлоонун жыйынтыгында Жоржия штатында Байден 11779 добуш менен алдыга чыккан болчу.

АКШда Шайлоочулар коллегиясы 2020-жылдын 14-декабрында Жо Байдендин алдыга чыкканын расмий түрдө ырастаган. Анда демократ Жо Байден коллегиянын 306 добушун алса, Трамп 232 добушка ээ болгон. АКШда президенттик кызматка шайланыш үчүн 270 добуш жетиштүү.

Ал ортодо президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча талаш-тартыштар Республикалык партиянын мүчөлөрүн да эки жаатка бөлүшү мүмкүн. Сенаттагы республикачыл көпчүлүктүн лидери Митч МакКоннелл өз партиялаштарын добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча даттанууну токтотууга чакырган болчу.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG