Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

АКШдагы толкундоо же көйгөйдүн ачыкка чыгышы


Лос-Анжелестеги полиция элден тизелеп кечирим сурап жатат. 2-июнь, 2020-жыл.

Кошмо Штаттарда расалык дискриминацияга байланыштуу соңку жылдардагы эң ири толкундоолор уланууда. Калктын жаалданышына ак терилүү полициянын колуна түшкөн афроамерикалыктын өлүмү түрткү болду.

Миннеаполистеги полиция кызматкери Жорж Флойдду асфальтка бети менен жаткырып, моюнун тизеси менен ныгыра басып муунтуп жатканы тартылган видео социалдык тармактарга тездик менен жайылып кетти. Аны ошол жердеги окуяга күбө болгондордун бири тарткан.

Видеодо 20 долларлык жасалма акчаны колдонгон деген шек менен кармалган Флойд полициячыга бир нече жолу деми кыстыгып жатканын айткан. Ага карабай тартип коргоочу Флойдду муунта берген. Афроамерикалык жаран ооруканага жетпей көз жумду.

Анын кармалышына тиешеси бар төрт полиция кызматкери, анын ичинде муунткан тартип коргоочу да камалды.

Бул окуя элдин кыжырын келтирип, өлкөнүн 140тай шаарында каршылык акциялары өттү. Айрым жерде зомбулук жана мародерлук менен коштолду. Мындан улам кээ бир шаарларга бийлик Улуттук гвардиянын аскерлерин киргизди.

Эмнеге кырдаал курчуп кетти?

Афроамерикалыктар тартип коргоо органдарынын аларга жасаган адилетсиз мамилесине, анын ичинде түсүнө, улутуна, динине же жынысына байланыштуу кармаганына нааразы болуп келишет.

Афроамерикалыктар Кошмо Штаттардын калкынын 13% түзөт. Ал эми камалгандар арасында алардын саны 60% чамалайт. Ошондой эле ак түстүүлөргө караганда, алардын полициянын колунан өлүү тобокелдиги жогору.

«Вашингтон пост» басылмасынын маалыматына караганда, полициянын колунан өлгөндөрдүн 26% ындыкаралар түзөт.

Мурдагы полиция кызматкери, Юстиция министрлигинин Полиция менен калктын кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Рональд Дэвис Конгрессте сүйлөп жатып, тартип коргоочулардын колунан өлгөн ындыкаралардын көптүгү кокустан болбошу мүмкүн экенин айткан.

"Куралдын мыйзамдуу же мыйзамсыз колдонулушу ындыкаралардан коркуу, расизм сыяктуу коомдогу жашыруун стереотип менен байланыштабы деген суроо узатпай кое албайм", - деген эле ал сентябрда жасаган билдирүүсүндө.

Миннесотадагы каршылык акциясы. 31-май, 2020-жыл.
Миннесотадагы каршылык акциясы. 31-май, 2020-жыл.

Афроамерикалыктардын өлүмүнө катышы бар полициячылар жаза алышканбы?

Көп учурда күбөлөрдүн видео далилдерине карабай, ындыкаралардын өлүмүнө катышы бар полиция кызматкерлери бейкүнөө болуп чыгышар эле. Мындай көрүнүштөр афроамерикалыктар арасында "америкалык сот системасы адилетсиз" деген пикирдин калыптанышына алып келген.

«Адам өлтүрүүлөрдүн көптүгү жана аларга катышы барлардын жазасыз калганы - бул ындыкаралардын өмүрү эч нерсеге арзыбайт деген афроамерикалык калкка белги", - деп билдирди Өкүлдөр палатасындагы Демократиялык партиянын мүчөсү Жерри Надлер (Нью-Йорк) Конгресстеги жыйында.

2013-жылы Флоридадагы кайгуул кызматкери 17 жаштагы ындыкара өспүрүмдүн өлүмү боюнча күнөөсүз деп табылгандан кийин «Ындыкаралардын өмүрү да маанилүү» деген кыймыл негизделген.

Трейвон Мартин куралсыз болсо да 28 жаштагы тартип коргоочу Жорж Циммерман аны өзүн коргоо жүйөсү менен атып салган. Аталган кыймыл кылмышкер полициячыларга каршы акцияларды уюштурууда көрүнүктүү ролду ойноп келет.

Каршылык акциялары көп уюштурулабы?

2014-2016-жылдары куралсыз ындыкара адамдардын полициянын колунан өлгөнүнө байланыштуу бир нече жолу массалык каршылык акциялары уюштурулган. Алардын айрымдары зомбулук менен аяктаган. Кээ бирөөлөрүн Флойддун окуясындай кылып күбөлөр видеого тартып алып таркатышып, чоң резонанс жаралган.

2014-жылдын июль айында Нью-Йоркто полиция куралсыз Эрик Гарнерди "мыйзамсыз тамеки саткан" деген шек менен кармаган. Аны жерге жаткырып жатканын ошол жерден өтүп бараткандар камерага тартып алышкан.

Полиция кызматкерлеринин бири 43 жаштагы афроамерикалыкты муунткан. Гарнер деми кыстыгып жатканын бир нече жолу айтып, жан берген. Аны өлтүргөн полициячы күнөөсүз деп табылган.

Ал окуядан бир айдан кийин Миссури штатындагы Фергюсон шаарында полициячы ындыкара өспүрүм Майкл Браунду атып салган. Браун куралсыз болгонуна карабай, полиция өзүн коргоо үчүн ок чыгарганын айтып, күнөөсүз деп табылган.

"Түстүү калктын өкүлдөрү тилекке каршы тартип коргоо органдарын алардын күнүмдүк эркиндигине коркунуч катары кабыл алышарынан күмөн жок. Мындай сезимдердин тамыры тарыхка барып такалат. Бардыгы 1992-жылкы Лос-Анжелестеги тополоңдорго жана 1965-жылкы Уоттстогу көтөрүлүшкө чейин эле башталган", -деди Надлер.

1965-жылдын август айында Лос-Анжелестин Уоттс районунда полиция 21 жаштагы ындыкара адамды автоунааны эреже бузуп айдап баратканы үчүн токтоткон. Айдоочу менен полициячынын мушташы ансыз да начар жашоо-шартына, тартип коргоочулардын адилетсиз жана катаал аракеттерине кыжыры келип жүргөн афроамерикалык калктын жаалдануусуна жол ачкан.

Башаламандыктар алты күнгө уланып, отуз төрт киши каза болгон.

Лос-Анжелесте 1992-жылы болгон тополоң азыркы Кошмо Штаттардын тарыхындагы эң ырайымсыз окуя катары кирип калды. Анда төрт ак түстүү полиция кызматкери жерде жаткан афроамерикалык Родни Кингди таяк менен сабап жатканын ошол жерден өтүп бараткан адам кокусунан тартып алган. Ал кадрлар прессага чыгып кетип, массалык каршылык толкундоолордун башталышына себеп болгон. Бир канча күнгө созулган башаламандыктарда он киши каза тапкан. Видеодогу полиция кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Азыркы башаламандыкта коронавирус пандемиясы роль ойнодубу?

COVID-19 пандемиясы афроамерикалыктардын жашоосун оорлотту. Расмий статистикага караганда, ындыкаралар ак түстүүлөргө караганда коронавирусту көбүрөөк жуктуруп, каза таап жатышат.

Вашингтондогу Бруклин институтунун кызматкери Решон Рейдин баяндамасына ылайык, бул көйгөйдүн тамыры афроамерикалык райондордогу калктын жыш жайгашканы жана медициналык жардамга жеткиликтүүлүктүн аздыгы сыяктуу структуралык ар түрдүүлүккө кетет.

Анын айтымында, ындыкаралар көбүнчө аралыктан иштөөгө мүмкүн эмес болгон жумуштарда эмгектенишет. Социология профессору Алекс Витале пандемиянын каршылык акцияларга тийгизген таасири тууралуу айтуу эрте деген пикирде.

"Биз сотторго жана түрмөлөргө жакырчылыктан жабыркаган миллиондогон адамдарды айдап жатабыз. Алар өзүлөрүн кылмышкер деп көрсөткүлөрү келишпейт жана каршы чыгышат. Эрик Гарнер каршылык көрсөткөн, Флойд дагы. Бул кокусунан эмес. Полиция каршылык көрсөткөндөргө күч колдонот”, - деди Витале «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна курган маегинде.

Атлантадагы зомбулук менен коштолгон демонстрациялар. 29-май, 2020-жыл.
Атлантадагы зомбулук менен коштолгон демонстрациялар. 29-май, 2020-жыл.

Бийликтин бул көйгөйгө карата реакциясы кандай?

Конгресс Расалык профилирлөө же полиция өзүнүн ишмердүүлүгүндө адамдын расасын, этникалык жагдайын, динин жана жынысын эске алган мыйзамга өз баасын берет.

Андан тышкары Конгрессте бул көрүнүштөрдү токтотуу үчүн тренинг өткөрүүгө чакырышты.

Былтыр сентябрда Конгрессте полициянын ишмердүүлүгү боюнча угуулар өткөн. Ага катышкан эксперттер афроамерикалык калк менен полициянын ортосунда ишенимди жакшыртуу боюнча чаралар кабыл алынып жатканын сөз кылышкан.

Мурдагы полиция кызматкери, Юстиция министрлигинин Полиция менен калктын кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Рональд Дэвис угуулардын алдында жазган катында бул жаатта тренингдерди өткөрүп коюу жетишсиз экенин, ал үчүн тартип коргоо системасын толугу менен жаңылоо керектигин жазган.

Денис өзү дагы ынды кара жана ал полицияда отуз жылдай иштеген. Анын пикиринде, тартип коргоочулар өткөн кылымдын 50-60 жылдары кабыл алынган ыкмаларды колдонушат.

Барак Обама Майами шаарындагы үгүт жыйында. 2-ноябрь, 2018-жыл.
Барак Обама Майами шаарындагы үгүт жыйында. 2-ноябрь, 2018-жыл.

Афроамерикалыктардын лидерлери эмне дешет?

Кошмо Штаттардын башында турган алгачкы ындыкара адам, мурдагы президент Барак Обама 1-июнда жарыяланган макалада учурдагы каршылык акциялары полициянын ийгиликсиз реформасынан көңүл калуудан улам башталганын жазган.

Бирок Обама тополоңдорду жана мародерлукту сынга алды.

“Эгер биздин укук коргоо системабыз жана америка коому жогорку этикалык стандарттарга шайкеш келишин кааласак, бул стандарттарды өзүбүз түзүшүбүз зарыл", - деди ал.

Обама полиция менен укук коргоо системасын реформалоо боюнча негизги иш штаттардын жетекчиликтерине, калаалардын мэрлерине жүктөлүшү керек деп эсептейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG