Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:12

АКШда нааразылык акциялары токтой элек


АКШда каршылык акциялары алты күндөн бери токтобой жатат.
АКШда каршылык акциялары алты күндөн бери токтобой жатат.

АКШнын ондогон шаарларында алты күндөн бери афроамерикалык жаран Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциялары өтүп жатат.

Вашингтондо жекшембиде Ак үйдүн жанындагы Лафайет паркында жүздөгөн адамдар чогулду. Алар «ынды каранын өмүрү маанилүү», «акыйкат болмоюнча, тынчтык болбойт, расисттик полицияга жол жок» деп кыйкырып турушту. Айрымдары полицияга суу куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышты. Күүгүм киргенде парктын эки жеринде өрт тутанганда полиция демонстранттарга каршы жаш агызган, кулак тундурган гранаталарды колдонду.

Жоржия штатынын Атланта шаарында нааразылык акциясында полицияны колдоп, жарандарды сабырдуулукка чакырган демонстранттар да болду:

«Мен баарына, карасына да, агына да, жашылына да, сарысына да, же дагы башка түстүүсүнө да карабай баарына кайрылат элем, досторуңарга, ага-карындаштарыңарга айткыла, бул урушту курал менен токтото албайбыз, мындай болбошу керек. Биз тынч болушубуз керек. Бүгүнтөн калбай биз каршылык акцияларыбызды токтотушубуз керек. Биз бир күн бою тынч болдук. Полиция мына, биз менен турат. Алар бизди коргогонго аракет кылып жатат. Бирок силер да тынч болушуңар керек», - деди демонстранттардын бири.


Нью-Йоркто миңдеген киши шаардын бир нече районун аралап жүрүш жасады. Бул маалда бери дегенде бир машине өрттөлгөнү белгилүү болду. Демостранттар полиция бөлүмүнүн жанына келип, бир мүнөт унчукпай туруп Флойдду эскеришти.

Миннеаполис шаарынын түгөйү Сент-Полдогу каршылык акциялар көпүрөдөн өтүп бараткан демонстранттарды жүк ташуучу унаа сүзүп кеткенден кийин күчөдү. Полиция бул машинанын айдоочусун кармап кетти, кийинчерек ал ооруканага жаткырылганы белгилүү болду.

Бир катар шаарларда комменданттык саат киргизилди. Миннесотанын губернатору Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин биринчи жолу Улуттук гвардиянын толук мобилизациясын жарыялады. Айрым жерлерде нааразылык акциялары талап-тоноо, зордук-зомбулук менен коштолду.


Президент Доналд Трамп неоулутчулардарга, фашизмге, расизмге жана ак адамдардын өздөрүн башкалардан жогору сезүүсүнө каршы чыгып келген «Антифа» («Антифашисттик аракет») кыймылын экстремисттик уюмдардын катарына кошорун эскертти. Анын алдында айрым федералдык аткминерлер соңку нааразылыкка байланыштуу бул кыймылды айыптап чыгышкан эле.

Президент Трамп Жорж Флойддун өлүмүн өлкөнү жаалданткан жана азапка батырган «олуттуу трагедия» деп атаган. Бирок каршылык акциялардын зордук-зомбулук менен коштолуусуна жол берилбесин билдирген.

«Менин администрациям сүрмө топтун зордук-зомбулугун токтотот. Биз аны токтотобуз. Бул адилеттүүлүктүн, же бардык расанын, бардык түстөгү, бардык диндеги адамдардын кызыкчылыгына төп келбейт. Зордук-зомбулукту актагагандар, кордук көргөндөргө жардам бербейт. Бирок алар дагы жаңы азап-тозокту алып келет».


Бир аптага жакын убактан бери токтобой жаткан нааразылыкка Миннесота штатында полициянын колуна түшкөн ынды кара адамдын өлүмү себепкер болду.

Интернетке тарап кеткен видеолордон полиция кызматкерлери куралы жок Жорж Флойдду жерге жаткырып алып, анын мойнун тизеси менен бир нече мүнөт ныгыра басып турганын көрүүгө болот. Флойд дем жетпей атканын улам кайталайт.

Окуяга катышы бар деген төрт полиция кызматкери жумуштан алынган. Флойдду тизеси менен ныгыра басып муунткан кызматкер төрт күндөн кийин камалган. Миннесотанын прокуратурасы кылмыш ишин тергөөнү көзөмөлгө аларын билдирген.

Флойд - акыркы жылдары кармоо учурунда полициянын колунан өлгөн биринчи ынды кара киши эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG