Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:10

Вашингтондо Трамптын тарапкерлеринин акциясы өтүп жатат


АКШнын баш калаасы Вашингтондо Ак үйдүн жанында президент Дональд Трамптын тарапташтарынын митинги өтүп жатат. Акцияга бир нече миң адам катышып жатат. Алар былтыр ноябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы кайрадан каралышы керек деп эсептешет. Буга чейин Трамп бүгүнкү митингде сөз сүйлөй турганын билдирген.

Чогулгандарга АКШ президентинин уулу Эрик Трамп кайрылды. Ал шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын жана акцияга келгендер Байдендин жеңишине ишенбей турганын билдирди.

Дональд Трамп шайлоодо жеңилгенин расмий түрдө тааныбай келет.

АКШда Шайлоочулар коллегиясы 2020-жылдын 14-декабрында Жо Байден алдыга чыкканын расмий түрдө ырастаган. Анда демократ Жо Байден коллегиянын 306 добушун алса, Трамп 232 добушка ээ болгон. АКШда президенттик кызматка шайланыш үчүн 270 добуш жетиштүү.

6-январда АКШ Конгрессинин кош палатасы жалпы отурумга чогулуп, Жо Байдендин жеңгенин расмий түрдө бекитиши керек.

Бирок анын алдында он чакты республикачы-сенатор президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгарын билдиришкен. Алар «президенттик шайлоо бурмалоо менен өттү» деп айтып, талаш жараткан штаттарды текшерүү боюнча Конгрессте атайын комиссия түзүүнү сунуш кылышууда.

Буга чейин добуш берүүдөгү мыйзам бузуу боюнча бир нече арызды сот карап, негизсиз деп тапкан.

XS
SM
MD
LG