Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:08

Евробиримдик коронавируска каршы «Moderna» вакцинасын эмдөөгө колдонот


«Moderna» вакцинасы.
«Moderna» вакцинасы.

Европа Биримдигинин Дары-дармектерге көзөмөл агенттиги коронавируска каршы экинчи вакцина катары «Moderna» компаниясы өндүргөн препаратты каттоону сунуш кылды.

Эми Европа комиссиясы бул сунушту карап, бекитиши керек. Бул формалдуу иш-аракет болуп эсептелет. Европа өлкөлөрү үчүн коронавируска каршы экинчи вакцинаны каттоо аймакта коронавирус жугузган адамдар көбөйүп жаткан учурга туш келди.

Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен бул чечимди кубаттап, учурда аны бекитүү боюнча кадыресе иштер жүрүп жатканын билдирди.

Буга чейин Европа өлкөлөрүндө «Pfizer-BioNTech» вакцинасын колдонууга уруксат берилип, 2020-жылдын 27-декабрынан тартып эмдөө башталган. Бул үчүн ЕБ 27 мүчө-өлкө үчүн 160 миллион доза вакцинаны сатып алууга буюртма берген. Европада катталган эки вакцина тең эки жолу эмдөөнү талап кылат.

Буга чейин «Moderna» вакцинасын АКШ, Канада, Израил өз аймагында эмдөөгө колдонууга уруксат берген.

XS
SM
MD
LG