Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Капитолийдеги окуя боюнча Байден билдирүү жасады


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШнын баш калаасы Вашингтондогу окуялар боюнча шайланган президент Жо Байден билдирүү таратты. Өзү жашаган Уилмингтон шаарынан тараткан видео кайрылуусунда Байден АКШдагы демократияга болуп көрбөгөндөй чабуул коюлганын билдирди.

Шайланган президент «бул жөн эле макул болбой коюу эмес, бул башаламандык, хаос» деди.

Ал ошондой эле президент Дональд Трампка кайрылып, теле аркылуу тарапташтарын тынчытууга чакырды.

Ал эми окуялар учурунда Капитолийде Конгресстин кошмо жыйынына катышып жаткан вице-президент Майк Пенс болсо «Твиттердеги» баракчасында мыйзамсыз көрүнүштү тезинен токтотууга чакырып, ага катышкандар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартыларына убада берди.

6-январда АКШнын президенти Дональд Трамптын тарапташтары Конгресстин жыйыны өтүп жаткан Капитолийдин имаратына кирип барышты. Бул учурда Конгресстин кошмо жыйынында Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитүү каралып жаткан.

Жыйын күтүүсүздөн үзгүлтүккө учурап, Конгресстин мүчөлөрү эвуакацияланды.

АКШнын баш кааласы Вашингтондо 7-январь таңкы саат 6.00гө чейин коменданттык саат жарыяланды.

XS
SM
MD
LG