Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:57

Капитолийдеги окуя учурунда бир адамга ок тийгени кабарланууда


АКШнын баш калаасы Вашингтондогу Капитолийге демонстранттар бастырып кирген учурда бир аялга ок тийгени кабарланууда. Президент Дональд Трамптын тарапташтары Конгресстин кош палатасынын жыйыны болуп жаткан учурда Капитолийге кирип барышкан.

CNN эки булакка таянуу менен төшүнө ок тийген аялга жардам көрсөтүлгөнүн кабарлады. Имараттын ичинде ок атылганын башка маалымат каражаттары да жазышууда.

Окуя болгон учурда Кошмо Штаттардын шайланган президенти Жо Байдендин шайлоодо жеңишин расмий бекитиш үчүн жыйын өтүп жаткан. Жыйын күтүүсүздөн үзгүлтүккө учурап, Конгресстин мүчөлөрү эвуакацияланды.

Трамптын тарапташтары Капитолийге кирип барышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00

Анын алдында Ак үйдүн жанында президент Дональд Трамптын тарапташтарынын митинги өтүп жаткан. Акцияга бир нече миң адам катышып, былтыр ноябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы кайрадан каралышы керек экенин билдиришкен.

XS
SM
MD
LG