Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:25

АКШдагы элчилик кыргызстандыктарды коопсуздук чараларын сактоого чакырды


Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Кошмо Штаттардагы кыргызстандыктарды коопсуздук чараларын карманууга чакырды. Мындай билдирүү элчиликтин «Твиттердеги» баракчасында жарыяланды. Анда элчилик Вашингтондогу массалык нааразылык акцияларына байланыштуу АКШда жашаган кыргызстандыктарга кайрылып, көп адамдар чогулган жерлерге барбоого чакырды.

6-январда АКШ президенти Дональд Трамптын тарапташтары Конгресстин жыйыны өтүп жаткан Капитолийдин имаратына кирип барышты. Бул учурда Конгресстин кошмо жыйынында Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитүү каралып жаткан.

Жыйын күтүүсүздөн үзгүлтүккө учурап, Конгресстин мүчөлөрү эвуакацияланды.

АКШнын баш кааласы Вашингтондо 7-январь таңкы саат 6.00гө чейин коменданттык саат жарыяланды.

XS
SM
MD
LG