Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:24

Трамп Капитолийдеги зомбулукту сынга алды


АКШнын президенти Дональд Трамп. 7-январь, 2020-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп. 7-январь, 2020-жыл.

АКШнын мамлекет башчысы Дональд Трамп 7-январда тараткан видео кайрылуусунда Капитолийде адам өмүрүн алган зомбулукту айыптап, шайланган президент Жо Байденге бийликти тынч өткөрүп берүүгө убада берди.

Эки айдан бери Байдендин жеңишин тааныбай жана эч качан жеңилгенин мойнуна албай турганын айтып келген Трамп Конгресс добуш берүүнүн жыйынтыгын бекиткенин жана «жаңы администрация кызматка 20-январда киришерин» айтты.

Трамп Капитолийде болгон тополоңду АКШдагы демократияга доо кетирген «жийиркеничтүү кол салуу» деп атады.

Бир катар мыйзам чыгаруучулар Капитолийдеги беш адамдын өмүрүн алган тополоң үчүн Трампты күнөөлөп жатышса да ал ызы-чуудагы өз ролун мойнуна алган жок.

Ал тарапташтарынын «көңүлү калганын» билдирип, «биздин болуп көрбөгөндөй жолубуз эми башталганы турат» деп кошумчалады.


6-январда Капитолийде Конгресстин жыйыны өтүп жаткан маалда Трамптын тарапташтары кирип барып, жыйынды үзгүлтүккө учуратышкан. Жыйын имарат Трамптын жаалданган тарапташтарынан тазаланган соң кайра улантылган. Таңга чейин созулган жыйында демократ Жо Байденин былтыркы президенттик шайлоодо жеңгени расмий бекитилди.

Имаратты тазалоо маалында беш адам көз жумган. Мындан улам учурда бир катар мыйзам чыгаруучулар Трампка импичмент жарыялоо маселесин көтөрүп жатышса, анын администрациясындагы айрым адамдар бир күн мурда эле өз ыктыяры менен арыздарын жазышып, иштен кетишти.

XS
SM
MD
LG