Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:11

АКШ сотуна 50дөн ашык шектүүнүн иши Капитолийге кол салуу окуясы боюнча өткөрүлдү


Президент Трамптын жактоочуларынын Капитолийге күч менен кирүүсү маалында. 2021-жылдын 6-январы.
Президент Трамптын жактоочуларынын Капитолийге күч менен кирүүсү маалында. 2021-жылдын 6-январы.

АКШнын Колумбия аймагынын федералдык соту 2021-жылдын 6-январында АКШ Конгрессинин имаратына (Капитолийге) жасалган кол салуу менен байланыштуу 13 кишиге коюлган доону карай баштады. Башка 40тай кишинин ишин Колумбия аймагынын Жогорку соту карап жатат. Бул тууралуу 9-январда АКШнын адилеттик министрлиги маалымдады.

Шектүүлөргө Капитолийге уруксатсыз киргендиги, курал кармап жүргөндүгү, коменданттык саат эрежесин бузгандыгы ж.б. беренелер менен байланыштуу айыптар тагылууда. Башка да шектүүлөрдү издөө иштери улантылып жатат.
АКШ прокурорунун милдетин аткаруучу Макйл Шервин Капитолийге жасалган чабуул – өлкөнүн өзөккү институттарынын бирине каршы чабуул болуп саналаарын, бул мыйзамсыз жорукка катышкандарды аныктап, кармап, сот жазасына тартуу үчүн тартип коргоо органдары биргелешип аракет кылып жатышкандыгын айтты.

Ал эми демократ конгрессмен Тим Райан тартип сактоо күчтөрүнүн көчөдөгү ар кандай ири жыйындарга карата даярдыгынын чабал болгондугун сынга алды.

“Капитолийге террорчул кол салуу – жүзүкара иш. Бул кылмышкерлер демократиянын сепилине кол салышты”, – деп айтып, сенатор Тед Круз кылмышка тийешелүүлөр бүт жазаланышы керектигин баса белгиледи. Сенатор Круз буга чейин президент Трамптын туруктуу колдоочуларынын бири катары таанылган.

АКШнын Федералдык тергөө бюросу Капитолийдин ичине жардыргыч заттарды алып келгендер тууралуу маалымат берчүлөргө 50 миң доллар сыйлык жарыялады.

Вашингтондун полициясынын айтымында, 9-январдын кечине чейин окуяны айкындагысы келген жарандардан 17 миңдей телефон чалуулар катталды.

АКШ Конгрессинин төмөнкү үйү – Өкүлдөр үйүн көзөмөлдөгөн демократтар эгерде Трамп эрки менен кызматтан кетпесе, анда ага 11-январдан тартып импичмент жарыялоо аракетин баштайбыз деген ниеттерин 9-январда билдиришти. Алардын пикиринче, Трамптын 3-ноябрдагы шайлоо жыйынтыгын тааныбоо тууралуу чакырыктары Капитолийдеги тополоңго шыкакчы болгон.

Президент Трамп өзү Капитолийге 6-январда кол салгандарды айыптаган билдирүүсүн 7-январда жарыялаган. (TT)

XS
SM
MD
LG