Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:25

Байден президент Трамп кызматын аткарууга жөндөмсүз деп санайт, конгрессмендер импичмент камылгаларын талкуулоодо


АКШнын шайлаган президенти Жо Байден. Уилмингтон. 2021-жылдын 6-январы.
АКШнын шайлаган президенти Жо Байден. Уилмингтон. 2021-жылдын 6-январы.

АКШнын шайланган президенти, демократ Жо Байден азыркы президент Доналд Трамп өз кызматын аткарууга жөндөмсүз болуп калганын жарыя кылды. Бирок Байдендин оюнча, Трампка карата АКШ Конгресси экинчи жолу импичмент аракетин баштаар-баштабастыгы жалпы конгрессмендердин чечимине байланыштуу. Бир эле президентке эки жолу импичмент жарыялоо аракети буга чейин АКШ тарыхында болуп көргөн эмес.

Маалымат каражаттарынын кабарлашынча, 8-январда Демократиялык партиянын курултайына чогулган демократ мыйзамчылар Трампка “козголоңго шыкакчы болду” деген доо боюнча импичмент жарыялоо үчүн тийешелүү мыйзамдык чаралардын долбоорун түзүштү.

“NBC News” каналынын жарыялаган шилтемесине караганда, бул долбоордо президент Трамп Капитолийдеги 6-январдагы “мыйзамсыз жоруктардын келип чыгышына түрткөн билдирүүлөрдү атайылап жасаган”, деген доо да камтылган. Бул тополоңдун айынан 5 киши өмүрүнөн ажырады.

8-январда маалымат жыйынында Байден кабарчыларга: “Мен президент Трамп бул кызматты аркалоого жөндөмсүз экенин абдан эле узак мезгил бою ойлонуп келдим”, – деп сүйлөдү.

Байдендин айтымында, өзү президенттик кызматты өткөрүп алып жатканда үч нерсеге өзгөчө сарсанаа болуп турат: коронавирус пандемиясына каршы иштиктүү күрөшүү, америкалыктарга COVID илдетине каршы вакциналарды өтө тездикте үлөштүрүүнү камсыздоо жана Кошмо Штаттардагы экономикалык өсүштү ыкчам жолго салуу.

Ал эми журналисттердин АКШ Конгрессиндеги демократтар Трампка каршы экинчи жолу импичмент аракеттерин 11-январдан тартып расмий баштоо тууралуу ойлонуштуруп жатышкандыгына карата туруму тууралуу суроосуна Байден мырза мындайча жооп узатты: “Бул – Конгресстин өзү жасай турган чечим. Мен болсом көңүлүмдүн чордонунда өзүмө тийешелүү жумушту кармап келем”.

Президент Трамп 8-январда саал мурдараак билдирүү жарыялап, шайланган президент Жо Байдендин 20-январдагы ант берүү аземине катышпай тургандыгын айткан.

Байден болсо муну “жакшы болот” деп баалады жана мөөнөтү бүтүп бара жаткан вице-президент Майк Пенс мырзага бул аземге катышууга ыракым этебиз жана ал бийликтин өткөрүлүп берилишин сыйда уюштурууда көмөк кылууга тийиш, деп кошумчалады.

Байден 20-январда АКШнын 46-президенти катары ант бермекчи. Анын 2020-жылдын 3-ноябрындагы президенттик шайлоодо жеңип чыккандыгы тууралуу Шайлоочулар коллегиясынын 14-декабрдагы чечими АКШ Конгрессинин Сенаты менен Өкүлдөр үйүнүн 7-январдын таңкы сааттарында ишин аяктаган биргелешкен отурумунда биротоло күбөлөндүрүлгөн. Ал отурумду вице-президент Пенс төрага катары алып барган. (TT)

XS
SM
MD
LG