Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Орусиядагы жол кырсыгында жабыркаган 16 жоокердин абалы оор


Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

Москванын четиндеги Новорижск шоссесиндеги автокырсыктан төрт жоокер каза болуп, 40тан ашыгы жаракат алды.

11-январда жүк ташыган автоунаа жоокерлерди ташып бараткан автобустар менен кагылышкан.

Жүк ташуучу машиненин айдоочусу транспортту башкара албай калып, күү менен жол четинде токтоп турган автобустарды сүзгөн.

ТАСС агенттиги Москва облусунун бийлигине таянуу менен ооруканадагы 45 аскердин 16сынын абалы оор экенин жазды.

Учурда кырсыкка себеп болгон машиненин айдоочусу кармалып, тергөө иштери башталганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG