Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кармалганы маалым болду


Мунарбек Сайпидинов.
Мунарбек Сайпидинов.

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн башчысы, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидиновду УКМКнын Оштогу башкармалыгы кылмышка шектүү катары 11-январда кармаганы кабарланды.

Маалыматты Сайпидиновду жакшы билгендер жана күч органдарындагы булактар «Азаттыкка» ырасташты. Шектүү атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалым болду.

Сайпидинов кармалып, эки күнгө камакка алынганын жергиликтүү сайттар да жазып чыгышты.

Анын өзүнүн чөнтөк телефону өчүк болгондуктан байланышууга мүмкүн боло элек. Сайпидиновдун Интернеттеги социалдык тармактардагы баракчаларында да кечээтен бери активдүүлүк байкалган эмес.

УКМК азырынча Сайпидиновдун кармалышы жөнүндө маалымат тарата элек.

Мекеме ноябрь айында Матраимовдун өкүл баласынын үйү тинтүүгө алынып, анын ишмердиги текшерилип жатканын кабарлаган.

Мунарбек Сайпидинов Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан бери жетектеп келет. Ал былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинде 126-талапкер болуп катышкан.

Мунарбек Сайпидинов - Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы. УКМК Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген. (DU)

XS
SM
MD
LG