Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Ташиев Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Сайпидиновдун арызын укту


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кабыл алды. 23-ноябрь, 2020-жыл.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кабыл алды. 23-ноябрь, 2020-жыл.

23-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновду кабыл алып, арызын укту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Ташиев Сайпидинов буга чейин социалдык тармактар аркылуу кайрылуусунда айткан маалыматтар изилденерин айтты. Ошондой эле УКМКнын жетекчиси атайын кызмат саясаттан тышкары экенин белгилеп, саясий куугунтук менен алектенбегенин билдирди. Атайын кызмат УКМКнын жетекчиси Ташиев Сайпидинов менен жарандарды кабыл алуу графигинин алкагында алдын ала жазылуу аркылуу жолукканын маалымдады.

Буга чейин Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов социалдык тармактар аркылуу куугунтук болуп жатканын айтып, атайын кызматтын жетекчилигине кайрылган.

19-ноябрда УКМК Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай жана Сарай айыл өкмөт башчыларынын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнүн маалымдаган. Мекеменин басма сөз кызматы тинтүү соттун санкциясынын негизинде жүргүзүлгөнүн, Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын үйүнөн атылбай турган курал табылганын, ал экспертизага жөнөтүлгөнүн билдирди.

Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов буга чейин үйү жана иш бөлмөсү тинтүүгө алынганын айтып, «саясий куугунтук кылып жатышат» деген, бирок кимдин куугунтугу экенин ачык айткан эмес.

Ал Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан бери жетектеп келет. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинде 126-талапкер болуп катышкан. Сайпидинов - Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы. УКМК Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген. Матраимов УКМКнын айыптоосу тууралуу комментарий бере элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG