Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Гонконгдо демократиячыл жаш активист Жошуа Воң соттолду


Жошуа Воң (оң жакта) менен кошо дагы эки активист соттолууда, алар да күнөөсүн монга алышты.

Гонконгдо дүйшөмбү күнү сот демократиячыл активист Жошуа Воңду камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Анын алдында 17 жаштагы Воң былтыр июнда полиция имаратынын алдында уруксат берилбеген митингди уюуштуруп, катышканын моюнга алган. Бул жаш активист түрмөгө кесилиши ыктымал дегенди билдирет.

Воң эгер камакка алынса, эл аралык коомчулуктун көңүлүн Гонконгдун сот системасындагы маселелерге бурдурууга үмүттөнөрүн журналисттерге айтып берди. Аны менен кошо дагы эки активист соттолууда, алар да күнөөсүн моюнга алды.

Соттун алдына чогулгандар үчөөнү бошотууну талап кылып, демократиячыл ураандарды чакырып турушту.

Гонконгдо былтыркы жайда Бээжиндин чечимдерине каршы массалык акциялар башталган. Көп учурда алар тополоң менен коштолуп, полиция менен кагылышуулар болгон. Ошондон кийин Кытай өзүнүн бул автономдуу аймагындагы улуттук коопсуздук тууралуу мыйзамды кабыл алган. Ага ылайык, жикчил ишмердикке байланыштуу айыпталгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Британиянын колониясы болуп келген бул аймак 1997-жылы өзгөчө укуктарга ээ, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайдын карамагына өткөн. Бээжин Гонконгду «бир өлкө, эки система» формуласына ылайык башкарууга, ички саясатына кийлигишпей, кеңири автономия берүүгө убада берген.

XS
SM
MD
LG