Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

Казакстан: полиция журналист Өтепованы психдиспансерге алып кетти


Айгүл Утепованы полиция үйүнөн алып кетти.
Айгүл Утепованы полиция үйүнөн алып кетти.

Нур-Султан шаарында полиция 23-ноябрда журналист жана блогер Айгүл Өтепованы үйүнөн психиатриялык клиникага күчтөп алып кетти. Өткөн аптада апелляциялык сот анын адвокатынын журналистти психдиспансерге күчтөп жаткыруу тууралуу сот чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызын канааттандырган эмес.

Өтепова аны полиция алып кетип жатканда «Азаттыктын» казак кызматына жакында эле толук медициналык көзөмөлдөн өткөнүн, дарыгерлер анын саламаттыгы жакшы деген тастыктама беришкенин, аны психиатриялык ооруканага саясий себеп менен жаткырып жатышканын айтканга үлгүрдү.

Социалдык тармактарда бийликти сындаган билдирүүлөрү менен белгилүү журналист жана блогер 17-сентябрдан тартып үй камагында отурган. Өтеповага «ишмердигине тыюу салынган уюмдун ишине катышкан» деген айып менен кылмыш иши козголгон. Сот 16-ноябрда анын үй камактагы мөөнөтүн дагы бир айга узарткан жана тергөөчүлөрдүн аны психикалык саламаттык борборунда текшерүүдөн өткөрүү тууралуу арызын канааттандырган.

«Amnesty International» эл аралык укук коргоо уюму Айгүл Өтепованы «абийир туткуну» деп тааныган жана көз карашы, пикири үчүн куугунтукталып жатканын айыптаган. Уюм көз каранды эмес журналистти күчтөп психиатриялык клиникага жаткыруу «1960-1970-жылдардагы СССРдеги окуяларды эске салат» деп билдирген.

50 жаштагы Өтепова «NewTimes.kz» порталында иштечү жана «Ютубда» өзүнүн каналы бар. Ал 2015-жылы президенттик шайлоодо өзүн талапкерликке көрсөткөн, бирок көп өтпөй шайлоого катышпай турганын айтып чыккан.

XS
SM
MD
LG