Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Айыл башчынын талкуу жараткан сүрөттөрү


Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов (ортодо) иш бөлмөсүндө
Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов (ортодо) иш бөлмөсүндө

Кара-Суу районунда Савай айыл өкмөтүнүн башчысы өз кабинетинде коомчулукта "Раим миллион" деген лакап ат менен белгилүү болгон Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун сүрөтү менен кошо арабча жазууларды илип алган сүрөтүн "Инстаграм" социалдык тармагына жарыялаган. Ал сүрөттөр коомчулуктун талкуусуна жем таштады. Ал арада "Раим миллиондун" айылдашы жаштарды Раимбек Матраимовдой болууга үндөп чыкты.

Оштун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов иш бөлмөсүндө тартылган сүрөттөрдү социалдык тармактарга жарыялаганды жакшы көрөт.

Жаш айыл өкмөт башчы Сайпидинов жарыялаган сүрөттөрдөн анын иш бөлмөсүндө туу менен гербдин ордуна арабча жазуулар, президенттин портретинин ордуна Бажы кызматынын мурунку орун басары, элге “Раим миллион” катары таанылган Раимбек Матраимовго окшош кишинин сүрөтү илингенин көрүүгө болот.

Андан тышкары айыл өкмөт башчысы М.Р. деген көк бөрү командасын башкарып жаткан сүрөтүн да жарыялаган. Көкбөрүчүлөрдүн көкүрөгүндөгү “М.Р.” деген жазуу "Матраимов Раимбек" же "Мунарбек Раимбеков (Мунарбек Сайпидиновдун мурунку фамилиясы)" дегенди билдиреби - бул белгисиз. Кыскасы Савай айыл өкмөт башчысынын бул сүрөттөрү социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады. Бирок айыл өкмөттүн башчысы Мунарбек Сайпидинов өзү жарыялаган сүрөттөр боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Савай айыл өкмөт башчысынын орун басары Рахманберди Каримжанов жетекчиси Мунарбек Сайпидинов Раимбек Матраимовду идеал тутушу мүмкүн деген кыязда жооп берди.

- Илгери бизди ата-энебиз башкалардын балдарына салыштырып тарбиялаган. "Паланчанын баласын көрдүңбү? Паланчанын баласындай болсоң кана?" деп суктанышар эле. Мен ошондой тарбия менен чоңойдум. Балким айыл өкмөт да Раимбек Матраимовду идеал тутаар? Идеялаш болушу мүмкүн. Мен андан кабарым жок.

Мунарбек Сайпидинов
Мунарбек Сайпидинов

Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор “Исмаил ата” деген фонд ачып, мечит, ФАП, спорт зал, жол, канал сыяктуу курулуштарды ошол фонддун атынан каржылап жүрүшөт. Ушундан улам бири аким, экинчиси Жогорку Кеңештин депутаты, дагы бири Каржы полициясында, башкасы бажыда жетекчилик кызматты аркалаган Матраимовдорду эл жаштарга үлгү катары көрсөтүп жатканын жашырбайт. Матраимовдордун айылдашы, Агартуу айылынын башчысы Жакып Акышев жаштарды Матраимовдордой болууга чакырып жүргөнүн айтат.

- Мен ар түрдүү жыйындарга катышып жүрөм. Мектепте ата-энелер чогулушунда жана башка жыйындарда мен коркпой-үркпөй эле "ушу Матраимовдордой болгула" деп айтып жатам. "Элге Матраимовдордой кызмат кылгыла" дейм. Мына, Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин депутаты болуп отурат, Тилек Матраимов республикада эң чоң районду башкарып отурат. Эми булардын баары эле ушундай. Булардын бир гана оң жагын көрүп атабыз. Элге окшоп Матраимовдор тууралуу жаман сөздөрдү угуп жүрөбүз, бирок ага биз такыр ишенбейбиз.

Укук коргоочу Акылбек Ташбулатов болсо Савай айыл өкмөтүнүн башчысы иш бөлмөсүнө президенттин ордуна кааласа Раим Матраимовдун, кааласа фотомоделдердин сүрөтүн илип алууга акысы бар деген пикирде.

- Мисалы, менин иш бөлмөмдө Айгүл Рыскулованын сүрөтү турат. Роза Отунбаеванын да сүрөтүн илип койсом деп жүрөм. Ал айыл өкмөт башчысы деле президенттин сүрөтүн илбей койгонго, кааласа фотомодель кыздардын сүрөтүн, кааласа Раимдин сүрөтүн илип алууга акысы бар деп эсептейм. Анткени "Раим Матраимов качып кетиптир, ага карата кылмыш иши козголуптур, ал коррупционер" деген имиш сөздөр айтылганы менен иш жүзүндө ал соттолгон жок да. Ошондуктан анын сүрөтүн иш бөлмөгө илип алуунун туура эмес жагы жок деп ойлойм. Ал эми расмий мамлекеттик символубуз болгон туу менен гербди илбей, анын ордуна араб символикасын илип алышы одоно мыйзам бузуу болот.

Мамлекеттик туунун алдындагы жоокер.
Мамлекеттик туунун алдындагы жоокер.

Деген менен Оштогу жергиликтүү бийликтин атын атагысы келбеген өкүлү "жергиликтүү жетекчилер президенттин саясатын аткарабы же Раимбектин буйругун аткарабы?" деген суроо койду.

- Ар бир жетекчинин иш бөлмөсүндө туунун, гербдин жана президенттин сүрөтү турушу зарыл. Себеби биз Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иш жүргүзөбүз. Өкмөттүн тапшырмаларын ишке ашырабыз, президенттин саясатын аткарабыз. Биз дин багытындагы тапшырмалар менен же Раимбектин буйругу менен иш жүргүзбөйбүз да!

28 жаштагы Мунарбек Сайпидинов Савай айыл өкмөтүн эки жылдан бери башкарып келатат. Мунарбек мурунку Раимбеков деген фамилиясын Сайпидинов кылып өзгөрткөнүн, динге берилгенин, Бажы кызматынын мурунку орун басары, “Раим миллион” деп таанылган Раимбек Матраимовдун өкүл баласы экенин жашырбайт. Ал "Инстаграмм" баракчасына Раимбек Матраимовдун сүрөтү түшүрүлгөн футболка кийип, “М.Р.” деген көк бөрү командасында капитан катары түшкөн сүрөттөрүн да жарыялаган. Мындан улам "Раимбек Матраимов Кара-Суудагы жергиликтүү бийликтин кумирине айланган" деген сөздөр айтыла баштады.

Тасмада: Бир апта мурда Кара-Суу районунун Савай айылдык кеңешинин айрым депутаттары "айыл өкмөт башчысы жана бухгалтери" буга чейин кылмыш иши козголгон адамдар экенин айтып чыгышкан. Бирок айыл өкмөт башчысы айтылган дооматтарды көрө албастыктан чыккан сөздөр деп түшүндүргөн.

Савай: айыл өкмөтүндөгү талаш
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:09 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG