Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Савай айыл өкмөт башчысы: УКМК үйүмдү, иш бөлмөмдү тинтүүгө алды


Мунарбек Сайпидинов, Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы.
Мунарбек Сайпидинов, Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы.

19-ноябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун үйүн жана иш бөлмөсүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери тинтүүгө алышты. Бул тууралуу Сайпидинов «Азаттыкка» билдирип, өзүнө «саясий куугунтук кылып жатышат» деди:

«Эртең менен 06:40та «УКМКдан келдик» деп үйгө кирип, балдарды чочутуп, тинтүү кылышты. Саясий куугунтук кылып жатышат. Жогору жактан болбосо мынчалык болбойт эле. Атканама чейин тинтишиптир. Иш бөлмөмдү тинтип, мөөр басып кетишти».

Сайпидинов УКМКдан расмий кагаз албаганын кошумчалады. Аталган мекеме буга комментарий бере элек.

Ош облустук администрациясы Савай жана Сарай айыл өкмөт башчысынын иш бөлмөлөрү текшерилип жатканын «Азаттыкка» бышыктады. Администрациянын басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова:

«Экономикалык жактан иштери күмөн болуп калышы ыктымалдыгына байланыштуу текшерүүлөр болуп жатканын акимчилик билдирди. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн эмне экени айтылбайт. «Финансылык текшерүүгө макулмун» деп Кара-Суу районуну акими кол коюп берген», - деп билдирди.

Мунарбек Сайпидинов Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан бери жетектеп келет. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинде 126-талапкер болуп катышкан. Ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

УКМК Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген. Матраимов УКМКнын айыптоосу тууралуу комментарий бере элек. (DU)

XS
SM
MD
LG