Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:17

УКМК: Сайпидинов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды


Мунарбек Сайпидинов.

Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, Савай айылындагы орто мектепке салынган спорт залдын курулушунун суммасы 1 млн. сомдон ашуун акчага ашыра бааланган. Мунарбек Сайпидинов башка жооптуу жетекчилер менен кошо спорт залды сапатсыз бүтүрүлгөнүнө карабай, кабыл алган.

УКМК ошондой эле Ош шаарындагы жана Ош облусунун аймагындагы түрдүү кылмыштарды жасаган уюшкан топту түзүү фактысы боюнча да сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын, ал иштерде Сайпидинов күбө катары өтүп келе жатканын кабарлады.

Мунарбек Сайпидинов 11-январь күнү кармалып, УКМКнын Ош облусундагы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилген.

УКМК ноябрь айында Матраимовдун өкүл баласынын үйү тинтүүгө алынып, анын ишмердиги текшерилип жатканын кабарлаган.

Мунарбек Сайпидинов Кара-Суудагы Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан бери жетектеп келет. Ал былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинде 126-талапкер болуп катышкан.

Мунарбек Сайпидинов - Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы. УКМК Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

УКМК ушундай эле негиздеги шек менен 6-январда Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаевди кармап, камакка алган. Ал Киров айылына 720 орундуу мектептин курулушуна кеткен 24 миллион сомдон ашуун каражатты ашыкча көрсөткөнү, сапатсыз курулган мектепти пайдаланууга уруксат бергени маалымдалган. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG