Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

ДСУ: быйыл COVID-19га каршы жапырт иммунитет пайда болбошу мүмкүн


Коронавируска чалдыккандарды ташыган «Тез жардам» автоунаасы. Алматы. Январь, 2021-жыл.
Коронавируска чалдыккандарды ташыган «Тез жардам» автоунаасы. Алматы. Январь, 2021-жыл.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавируска каршы эмдөө башталса да быйыл жапырт иммунитет пайда болбошу мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу уюмдун илимий адиси Сумья Сваминтан 11-январда билдирди.

Ал «эгер жапырт иммунитет бир нече мамлекетте пайда болсо да бул дүйнө калкын коргой албайт» деди.

Коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүн жүргүзүү менен пандемияны жакынкы айларда токтотуу аракети болуп жатат. Жапырт иммунитет пайда болушу үчүн дүйнө калкынын 70-80% эмделиши керек.

ДССУнун башкы директорунун өкүлү Брюс Эйлвард эмдөө ушул айдын соңунда же февраль айында айрым жакыр мамлекеттерде башталат деп үмүт артып жатканын билдирди. Ал кедей мамлекеттерди вакцина менен камсыз кылыш үчүн бир нече ирет эл аралык коомчулуктан жардам сурап кайрылган.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, пандемия башталган дээрлик бир жылдан бери коронавируска 90 миллиондон көп адам чалдыгып, эки миллионго чукул киши бул илдеттен көз жумду.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG