Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:42

Коронавирус жок деген Түркмөнстанда белгилүү композитор COVID-19дан каза болду


Режеп Режепов ортодо.
Режеп Режепов ортодо.

Бийлик коронавирус бар экенин четке кагып келген Түркмөнстанда белгилүү композитор Режеп Режепов ушул вирустан улам каза болду. Бул тууралуу Режеповдун агасы Рахмет Режепов «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Маркум композитор 76 жашта болчу.

Режеповдун чыгармалары Советтер Союзунда тартылган бир нече фильмде колдонулган.

Түркмөнстан - COVID-19 өз аймагында бар экенин четке каккан БУУнун жападан-жалгыз мүчөсү.

Былтыр августта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өлкөдө өпкө кагынынан каза болгондор көбөйгөнүнө тынчсыздануусун билдирип, расмий Ашхабадга коронавирусту аныктачу тестирлөөнү өткөрүүнү сунуш кылган.

Буга чейин Түркмөнстандын бийлиги башка себептерди шылтоо кылып өз жарандарына бир нече чектөө киргизген.

XS
SM
MD
LG