Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Коронавирус дагы 115 кишиден табылды, ооруканадагылардын көбүнүн абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

12-январга карата Кыргызстанда дагы 115 кишиден коронавирус табылып, үч бейтап көз жумду. Каза болгондордун экөө Бишкекте, бири Ысык-Көл облусунда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди:

«Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 495 адамга жетти. Алардын лабораториялык жол менен тастыкталганы - 43 204 адам, клиникалык-эпидемиологиялык жол менен (пневмония) тастыкталганы - 39 291 киши».

Жалпы ооругандардын 78 181и сакайды. Соңку бир күндө 178 адам айыкты.

Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1374 адамга жетти.

Илдетке каршы республикалык штабдын «Telegram» каналында жарыяланган кабарга таянсак, ооруканадагы 808 бейтаптын 49унун абалы өтө оор, 242си оор, 506сы орто оор абалда жатат, 11 кишинин гана абалы канааттандырарлык. Башка бейтаптар үй шартында дарыланышууда.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлардын аймактык көрсөткүчү:

  • Бишкек шаарында– 47;
  • Чүй облусунда - 43;
  • Ысык-Көл облусунда – 12;
  • Ош облусунда - 5;
  • Жалал-Абад облусунда - 3;
  • Талас облусунда - 3;
  • Нарын облусунда - 2 киши.

Ош шаарында жана Баткен облустарында бул суткада оору чыккан жок.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 12-январда 90 миллион 878 миңден ашты. Оорудан көз жумгандар 1 944 500дөн көп. (SE)

XS
SM
MD
LG