Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Түркиянын президенти Эрдоган Садыр Жапаровду куттуктады


Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенттигине шайланганы менен куттуктады. Эрдоган куттуктоосунда президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүлгөн референдумдун натыйжасы жакшылыктарга жышаан болуусуна тилектештигин билдирген.

Түрк президенти мындан тышкары "стратегиялык өнөктөш болгон эки өлкөнүн жана кыргыз-түрк боордош элдин ортосундагы тыгыз достук менен бекемделген мамилесин жана кызматташтыгын мындан ары да өркүндөтүү үчүн биргелешип иштөөгө даяр экенин" билдирген. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

11-январда Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды президенттик шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өткөнү менен куттуктаган маалыматты өз интернет-барагында жана «Твиттерде» жарыялаган.

Садыр Жапаровду президенттик шайлоодо жеңишке жетиши менен Орусиянын президенти Владимир Путин жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да куттукташты.

10-январда өткөн Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоого 17 талапкер катышты. Алардын арасында шайлоонун Жапаровдун жеңишин көрсөтүп жаткан баштапкы жыйынтыктарын сындагандар да, тааныгандар да болууда.

БШКнын баштапкы маалыматына караганда Садыр Жапаров добуш берген шайлоочулардын 79% добушун алды.

Экинчи орунда - Адахан Мадумаров. Ага 94 278 киши добуш берген, бул сан шайлоочулардын 6,69% түзөт.

Андан кийинки орунда - Бабыржан Төлбаев. Аны 33 630 жаран колдоп, жалпы добуштардын 2,39% алды.

10-январда Кыргызстандагы 3 563 574 шайлоочунун 40 пайызга жакыны добуш берди.

Президенттик шайлоо менен чогуу өткөн мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдумдагы добуштардын 80% ашууну президенттик башкаруу формасын колдоду. Парламенттик башкарууну колдогондор 11% жакын. (ZKo)

XS
SM
MD
LG