Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

АКШда «куралдуу каршылык акциялары» болушу ыктымал экени эскертилди


Трамптын жаалданган тарапташтары менен полиция кагылышып жаткан учур. 6-январь, 2020-жыл.
Трамптын жаалданган тарапташтары менен полиция кагылышып жаткан учур. 6-январь, 2020-жыл.

АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (ФИБ) шайланган президенти Жо Байдендин 20-январда боло турган инаугурациясынын алдында «куралдуу каршылык акциялары» болушу ыктымал экенин эскертти.

11-январда маалымат каражаттарына түшкөн билдирүүдө «куралдуу каршылык акциялары» бардык 50 штаттын борборлорунда жана Капитолийдин имаратында да пландалып жатканы жазылган.

Вашингтон шаары жайгашкан Колумбия аймагынан башка бардык штаттарда курал көтөрүп жүрүүгө уруксат берилген. ФИБдин маалыматында ошондой эле демонстрациялар 16-20-январь күндөрү болушу мүмкүн экени белгиленген. Ушундан улам Вашингтондо жана штаттардын мыйзам чыгаруу органдарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Өткөн аптада президент Дональд Трамптын жаалданган тарапташтары Капитолийге кирип барып, беш киши көз жумган.

ФИБ кошумчалагандай, эгер Трампты президенттик мөөнөтү бүткүчө кызматтан алып салышса штаттардагы сот имараттарына, жергиликтүү бийлик органдарына жана административдик мекемелерге кирип барууга чакырган топ пайда болду. Ал топ ошондой эле Байдендин инаугурациясы өтүп жаткан маалда өкмөттүк мекемелерге кол салууну көздөп жатканын ФИБдин маалыматына таянып «ABC News» жана CNN каналдары кабарлашты.

Байден өзү 11-январда билдиргендей, ал Капитолийдин алдындагы тепкичтерде туруп ант берүүдөн коркпойт. Адатта дал ушул жерде бардык президенттер ант беришет.

XS
SM
MD
LG