Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Мадумаров билдирүү таратып, БШКны күнөөлөдү


Адахан Мадумаров, шайлоо алдындагы теледебат учурунда тартылган сүрөт.
Адахан Мадумаров, шайлоо алдындагы теледебат учурунда тартылган сүрөт.

«10-январда өткөн шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мыйзам бузууга бөгөт койгон жок». Президенттикке талапкерлигин койгон Адахан Мадумаров 12-январда ушундай билдирүү таратты. Аны «Азаттыкка» талапкердин жардамчысы жиберди.

Мадумаров БШКнын дарегине айтылган сынды алты жүйө менен негиздеген. Ал электрондук урналардагы бюллетендердин автоматташтырылган санагын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлдөрү көзөмөлдөгөнүн белгилеп, мунун мыйзамсыз экенин айтты. Андан тышкары, шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаров мамлекет башчынын милдетин аткаргандыктан, талапкер болуп катталбашы керек экенин билдирип, буга Конституция жол бербей турганын эске салды. Ошондой эле Садыр Жапаровдун үгүт иштеринде, каржылык иштеринде мыйзамсыздык болгонун айтып, буга БШК көз жумганын кошумчалаган.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Мадумаровдун айткандары чындыкка дал келбей турганын, өзүнө кат жүзүндө жооп берилгенин билдирди:

«УКМК - киберкоопсуздукка жооптуу мамлекеттик орган. Шайлоодо алар өз иштерин аткарышты. Ал эми добуш саноого атайын кызматтын бир да өкүлү аралашкан жок».

«Азаттык» Мадумаровдун кайрылуусу боюнча Жапаровдун шайлоо штабынын юристи Александр Мощинге кайрылды. Ал кайрылуу менен таанышып чыккандан кийин комментарий берилерин айтты.

10-январда өткөн президенттик шайлоодо 17 талапкер ат салышты. Баштапкы жыйынтыкка ылайык, Садыр Жапаров 79% көбүрөөк добуш алды. Адахан Мадумаров 6% ашуун добуш менен экинчи орунду ээледи. (SE)

XS
SM
MD
LG