Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Жогорку сот Капаровго карата мурунку соттун чечимин күчүндө калтырды


Коллаж сүрөттө: Абдылда Капаров, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков жана Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков.
Коллаж сүрөттө: Абдылда Капаров, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков жана Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков.

«Экстремисттик чакырык таштаган, улут аралык кастыкты козуткан» деген айып боюнча соттолгон Абдылда Капаровдун иши боюнча кассациялык арызды Жогорку сот бүгүн, 12-январда карады. Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдагандай, сотко экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-спикер Асылбек Жээнбеков келген жок. Алардын адвокаттары соттон Капаровго чыгарылган мурдагы сот чечимдерин күчүндө калтырууну суранышты.

Ал эми Капаровдун адвокаттары анын ишин кайра кароого жиберүүнү өтүнүштү.

Жогорку соттун коллегиясы Ош облустук сотунун чечими өзгөртүүсүн калтырды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдылда Капаров ал кездеги өкмөт башчы, экс-президент Сооронбай Жээнбековго «июнь окуясына байланышуу келген акчаны кымырып алган» деген доомат коюп, кадыр-баркына шек келтирди деп күнөөлөнгөн.

2018-жылы 27-июнда Ош облустук соту Капаровду Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылкы редакциясында) 299-беренесинин 1-бөлүгү ("Этностор аралык, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет") жана 338-беренеси ("Соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка соттук актыны аткарбагандык") боюнча 4 жылга эркинен ажыраткан. Андан тышкары Абдылда Капаровдон Сооронбай Жээнбековдун пайдасына 244 600 сом өндүрүүнү өкүм кылган.

2020-жылы декабрь айында Абылда Капаров экс-президент Сооронбай Жээнбековго жана анын иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековго каршы Башкы прокуратурага арыз берген. Ал ушундай эле арыз менен президентке жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) да кайрылган. Капаров Жээнбековдорго карата кылдат териштирүү жүргүзүүнү, аларды өлкөдөн чыгарбоону жана мүлкүн камакка коюуну, мурдагы мамлекет башчыны экс-президент деген макамдан, атайын пенсиядан ажыратууну суранган.

Өзүн Жээнбековдордун тушунда саясий себеп менен негизсиз репрессияга кабылганын айткан Капаров Сооронбай Жээнбековду 2020-жылдын октябрь, 2010-жылдын май-июнь окуялары, Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду калкалаганы жана коронавирус эпидемиясы учурундагы абал үчүн айыптады. Ал эми Асылбек Жээнбековду Бишкектин Жылуулук электр борборун реконструкциялоо боюнча келишимге байланыштуу күнөөлөп келет.

Жээнбековдор бул боюнча өзүлөрү комментарий берише элек. Жогорку сотто алардын кызыкчылыгын коргогон жактоочу Валерьян Вахитов Капаровдун айыптоолору негизсиз деген пикирин "Азаттыкка" билдирди:

"Бул бир адамдын качанкы бир таарынычы үчүн бир тууган Жээнбековдорду улам бир окуяга байлап, күнөөлөй берүүсүнө жатат. Ошондуктан, мен мындай негизсиз айыптоолорго көңүл бурбоого чакырам. Анын мурунку айыптоосу боюнча да эки жолу иликтөө болуп, далилденген эмес".

Абдылда Капаров 2010-жылы коогалаң учурунда Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеген. Кийин Ошто саясатчылар Камчыбек Ташиевди, Акматбек Келдибековду жана Мелис Мырзакматовду колдоп митингдерге катышып жүргөн. Ош шаарындагы митингдердин биринде ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөп жиберген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG