Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

УКМК: Таласта Соцфонддун жетекчиси пара берип жатканда кармалды


Кармоо учурунда тартылган сүрөт. Сүрөттү УКМК сунуш кылды.
Кармоо учурунда тартылган сүрөт. Сүрөттү УКМК сунуш кылды.

Социалдык фонддун Талас райондук башкармалыгынын жетекчиси 70 миң сом пара берип жатканда кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Баштапкы маалыматтарга караганда, ал мекеменин эмгек сапарларына сарпталышы керек болгон бюджеттик каражатты ээлеп алган. Бул кылмышты жашырыш үчүн УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын өкүлдөрүнө 70 миң сом пара сунуш кылган.

Ал 11-январда Талас облустук ички иштер башкармалыгынын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Социалдык фонддун республикалык башкармалыгынан бул окуя боюнча азырынча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. (SE)

XS
SM
MD
LG