Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Бишкек-Исфана авиакаттамы 18-январдан тартып кайра жанданат


Исхак Разаковдун аты берилген Исфана аэропорту 1974-жылы курулган.
Исхак Разаковдун аты берилген Исфана аэропорту 1974-жылы курулган.

2020-жылдын мартында коронавируска байланыштуу карантин киргизилгенден бери токтоп турган Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамы 18-январдан тартып жанданат. Каттамдарды жумасына бир жолу «Тез Жет» авиакомпаниясы жүргүзөт.

Карантинде ички жана сырткы каттамдар токтотулуп, кийинчерээк Бишкек-Ош багыты жанданган. Жалал-Абадга, Баткенге такай каттамдар толук жолго коюла элек.

Бишкек-Исфана-Бишкек багыты Кыргызстандагы эң пайдалуу ички каттамы катары сыпатталат. Ал аркылуу Тажикстандын Согди облусунун тургундары Бишкекке, андан ары Орусияга жана башка чет мамлекеттерге катташкан. Кийинчерээк Бишкек-Исфана авиакаттамы бир канча жолу токтоп, кайра ачылып турган.

Исхак Разаковдун аты берилген Исфана аэропорту 1974-жылы курулган жана салмагы 22 тоннага чейинки учактарды күндүз гана тейлөөгө ылайыкташтырылган. Бишкектен ал жакка учуу убактысы – бир сааттын тегерегинде, аралыгы – 545 чакырым. (SE)

XS
SM
MD
LG