Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:45

Ош шаарынын мэриясынын чатырын оңдоого 1 млн. сомдон ашык каражат жумшалат 


Ош шаарынын мэриясынын имараты. Архивдик сүрөт.
Ош шаарынын мэриясынын имараты. Архивдик сүрөт.

Ош шаарынын мэриясы имаратынын чатырын оңдоого 1 млн. 600 миң сомдон ашык каражат бөлдү. Аны тендерден «Нур эл курулуш» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шумкарбек Пайзиев билдирди.

Анын айтымында, долбоордо көрсөтүлгөн сумма 2 607 666 сом деп белгиленген. Аталган компания тендерди 1 637 845 сом менен утуп алган. Тендерге жалпы 12 компания катышкан. Уткан компания мэриянын чатырын жана эки иш бөлмөсүн оңдой турган болду. Ишти февраль айына бүткөрүү пландалууда.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров имарат чатырынан суу өтүп жатканына байланыштуу оңдоло турганын маалымдады.

Мэриянын имараты Ош облустук администрациясы менен кошо 1968-1978-жылдары Султан Ибраимов аймакты жетектеп турган кезде курулган. (MrA)

XS
SM
MD
LG