Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Екатеринбургдагы өрт сегиз адамдын өмүрүн кыйды


Екатеринбургдагы өрт чыккан үйдүн жанында турган өрт өчүрүүчүлөр. 12-январь, 2021-жыл.
Екатеринбургдагы өрт чыккан үйдүн жанында турган өрт өчүрүүчүлөр. 12-январь, 2021-жыл.

Орусиянын Екатеринбург шаарында 12-январга караган түнү тогуз кабаттуу үйдө болгон өрттөн сегиз киши, анын ичинде бир бала көз жумду. Тилсиз жоо эмнеден башталганы расмий айтыла элек.

Свердлов облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан маалым болгондой, өрт алгач экинчи кабаттагы батирлердин биринде чыгып, башкаларына жайылган.

Өрт өчүрүүчүлөр 90 адамды коопсуз жактарга чыгарып кетүүгө үлгүрүп, аларды жакынкы гимназиянын имаратына жайгаштырышты.

Жергиликтүү элдин айтымында, экинчи кабаттагы батирлердин биринин электр зымын акы төлөнбөгөнү үчүн кесип кетишкен. Ошол себептен ал жакта жашагандар ар кандай жол менен жылынып, тамак жасашчу. Алдын-ала маалыматтарга караганда кырсыкка коопсуздук эрежелери сакталбаганы себеп болушу мүмкүн. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү башталды.

Эки күн мурда Батыш Сибирдеги карылар үйүндө чыккан өрт жети адамдын өмүрүн алган. Ал эми бир ай мурда Башкыртстандагы карылар үйүндө да өрт чыгып, 11 киши каза болгон.

XS
SM
MD
LG