Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Ээн кыштоодо гүлдөй өмүр кыйылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарындын Кочкор районунда 23 жаштагы аялдын өлүмүнө шек саналып 25 жаштагы эркек кармалды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жаш келин менен анын өлүмүнө шектүү тааныш болгон. Адам өлүмүнө жеткирген окуя эмнеден улам чыкканы белгисиз. Укук коргоо органдары кылмыштын чоо-жайын териштирип жатат.

Ушул жылдын 23-январында Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө саат 21:30 чамасында Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну Чоң Кара-Кужур өрөөнүнүн Тынай-Булак кыштоосундагы сарайда адамдын сөөгү жатканы тууралуу маалымат берген.

Ыкчам-тергөө тобу барган учурда үч бөлмөлүү үйдөн киши колдуу болгон 20-25 жаштагы аялдын сөөгү табылган.

Нарын облустук ички иштер бөлүмүнүн маалымат катчысы Кундуз Эсенгулова кылмышка шек саналып келиндин жакын таанышы кармалганын билдирди.

«Кылмышка шектүү, Баткен облусунун 1995-жылы туулган тургуну Ош облусунун Ноокат районунан кармалды. Ал Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө алып келинди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат».

Адам өлтүрүүгө шек саналып жаткан адам.
Адам өлтүрүүгө шек саналып жаткан адам.

Адам өмүрүн алган окуя Чоң Кара-Кужур өрөөнүнүн Тынай-Булак кыштоосунда болгон. Аты-жөнүн ачык айткысы келбеген сарайдын ээси кылмышка шектүүнү бир жарым ай мурда мал бактыруу үчүн жалдаган экен.

«Мен ал учурда Көлдө жүргөм, кыштоодогу кошунага чалып «малчыдан кабар алып кой» деген элем. Анан эле кошунам кайра чалып, «сарайда бирөө өлүп жатат» деди. Дароо Кочкорго жөнөдүм, кошунам да келди. Райондук ички иштер бөлүмүнө кабарладык. Андан аркысын милиция кызматкерлери билет. Ал бала мага тааныштар аркылуу келген. Байкашымча, жаман деле бала көрүнгөн эмес, «ичимдик ичпейм» деген. «Жазга чейин малыңызды багып берейин, шаарда жумуш жок кыйналып атам» дегенинен макул болгом. Айлыгын сүйлөшүп, азык-түлүгүн алып бергем. Барып кабар алып турчумун», - деди мал сарайдын ээси.

Ал малчы жигит "жакында үйлөнөм" деп айтып жүргөнүн да кошумчалады:

«Мал-жандан кабар алуу үчүн барып калсам «үйлөнгөнү жатам, каршы эмессизби? Сүйлөшкөн кызым бар» дегенинен өзүң бил дегем. Көп өтпөй эле сүйлөшкөн кызын алып келиптир, жакшынакай эле жашап жүрүшкөн. Мен барып калган убакта деле эч нерсе айтчу эмес. Кызды бир-эки эле жолу көрдүм. Айрым маалымат каражаттары «атка сүйрөтүптүр» деп жазып жатышат. Аны тергөө аныктайт. Сарайдын жанында башка чабандар жок, эч ким көргөн эмес, маалыматты так беришсе болмок. Азыр эми бала кармалды, окуя кандай болгонун өзү айтып берсе керек».

Ал эми каза болгон кыздын бир тууганы бул тууралуу сүйлөп берүүдөн баш тартты.

«Бул боюнча маалымат бербей эле коеюнчу, эч нерсе айта албайм».

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жылдан жылга үй-бүлө зомбулугу көбөйүп баратат. 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500дөн 3500гө чейин факты катталып турган. 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшкөн эмес. 2020-жылы бул көрсөткүч 9000ден ашты.

Статистика көрсөткөндөй, алардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетет. Үй-бүлөдө көбүнчө эркектер аялдарына зомбулук көрсөтөт.

«Теңдеш» кризистик борборунун жетекчиси Света Саякбаеванын айтымында, гендердик зомбулукка өп-чап жашоо да себеп болот.

«Зордук-зомбулуктун күч алып жатканына үй-бүлөлүк каржы маселеси да себеп. Азыр жаштардын көбү жумушсуз, ошол себептүү уруш-талаш көп катталат. Биздин борборго жардам сурап кайрылышат. Колдон келгенин кылабыз. Ошолордун арасынан көбүнчөсү жетишпеген турмуштун айынан урушуп кеткенин айтышат. Бул маселени чечиш үчүн мектеп жашынан баштап туура тарбия бериш керек деп эсептейм».

Улуттук статистика комитети аялдарга карата зомбулук 2020-жылы 14% жогорулаганын, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн маалымдаган. Жыл башынан бери бир нече аял зомбулуктун курмандыгы болду.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталгандарга жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүгө ылайык, жабырлануучу тосмо арыз жазганына карабай ага зомбулук көрсөткөн киши жазага тартылат.

Үй-бүлөлүк зомбулук канткенде токтойт?
please wait

No media source currently available

0:00 1:02:09 0:00

  • 16x9 Image

    Бексултан Мамбетов

    "Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы. Нарын педагогикалык колледжинин бүтүрүүчүсү. Нарын мамлекеттик университетинде сырттан окуйт.

XS
SM
MD
LG