Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Дилфуза: Зомбулук көргөн аялдын өзүн күнөөлөшөт


Дилфуза Куролова.

Ташкенттик активист, адам укуктары боюнча юрист Дилфуза Куролова Борбор Азиядагы кыз-келиндердин укугу тууралуу ой бөлүштү.

- Феминизм жана аялдардын укугу – бул эки түшүнүк бири-биринен айырмаланабы же бир маанини береби?

- Менин оюмча, экөө эки башка түшүнүк. Биринчиси – активизм, аны укуктардын сакталышын талап кылган кыймыл десек да болот. Ал эми экинчиси, адам укуктарынын бир бөлүгү. Бирок эки түшүнүк дайыма бири-бирин толуктап турат. Бир түшүнүктү экинчисинен өйдө коё да албайбыз. Эгер кайсы бир мыйзамга өзгөртүүнү же аялдардын укугун жайылтууну кааласаңыз, активизм өтө зарыл. Ал эми ошол активизмдин маанисин сиздин укуктук маалыматтарыңыз дагы да актуалдаштырып, тереңдетет. Ошондуктан, бул эки түшүнүк бири-бирине тоскоолдук жаратпайт.

- Азыр аялдардын укугун жайылткан маалыматтар менен стереотип көз караштар ортосунда күрөш жүрүп жаткандай. Борбор Азиядагы элдин менталитети жана ар кыл стереотиптер окшош. Сиздин бул жааттагы байкоолоруңуз кандай?

- Мен биздин коомдогу гендердик роль тууралуу айткым келип турат. Айрыкча, патриархалдык көз караш басымдуулук кылган коомдо бул аябай татаал. Бизде айрым орус тилдүү басылмалар феминитив терминдерди колдоно баштады, мисалы аял адис тууралуу кеп болгондо “юристка”, “экспертка” ж.б. терминдер.

Бул аябай талкууланып, айрымдар колдоду, кээ бирлер терс пикирлерди жазып, туура эместигин айтышты. Мен муну күрөш эмес, “четке кагууга аракет, кабыл албоо” деп айтаар элем.

Экинчи тараптан алганда, биз укуктарды канчалык көп сүйлөсөк, элге сиңе берет. Мисалы, беш жыл мурун “мени сабады, токмоктоду” деп ачык айтып чыккан аялдар дээрлик жок болчу. Аларга дароо эле коомчулуктан “Үйдөгү маселеңди эмнеге көчөгө алып чыгасың?” деген сын жаачу. Азыр болсо, зомбулукка, ыдык көрүүгө кабылгандар аны айтышат жана сотко, укук коргоо органдарына кайрыла алат.

Бирок гендердик ролдор тууралуу стереотип көз караштар, чектөөлөр кылымдар бою калыптанып калгандыктан, ага каршы күрөш узакка созулат. Андыктан, олуттуу өзгөрүү күтпөй эле турам, баарына убакыт керек. Коомчулукта аялдардын укугу көп айтыла баштаганы менен реалдуу жашоодо укуктарды чектөө көп.

Мисалы, жакында эле Ферганада 19 жаштагы кызды белгисиз эркек уурдап кетип, бир ай бою батирде кармаган. Аны топтошкон жигиттер зордукташкан. Ал жактан кутулуп чыккан кыздын арызын укук коргоо органдары кабыл алган жок, анткени, күч кызматкерлери кыз окуяны далилдеп бере албаганын айтышкан. Арадан бир аз убакыт өткөндөн соң кыздын кош бойлуу экени билинген.

Туугандары кызды “бизди шерменде кылдың” деп кууп жиберишкен. Бир айдан кийин атасынын боору ооруп кызын үйгө алып келген, бирок аны менен кошуналары, туугандары сүйлөшпөй койгон.

Демек, коомчулуктун басымы бар. Кызды эркине каршы уурдап кетишкен, зордукташкан. Кыз күнөөлүү эмес болсо да аны айыпташкан. Укук коргоо органдары бул окуяны терең иликтейт деп үмүт кылам. Ал арада кыздын туугандары уурдап кетип зордуктаган кишини “кызга үйлөнсүн” деп суранып атышыптыр, элестетип жатасызбы? Мындай болбошу керек.

- Акыркы кездери Борбор Азияда зомбулукка кабылган кыз-келиндер тууралуу маалыматтар көп чыга баштады. Муну “зомбулук көбөйдү” деп түшүнсөк болобу же мурда көп айтылбай келген маалыматтар беле?

- Менимче, экинчи вариант туура. Өзбекстан боюнча айта турган болсом, бул жагдай талкууланбай турган, жабык тема болчу. Аялдар көйгөйүн ачык айта алган эмес. Коомчулукта зомбулук деген нерсе үй-бүлөнүн ички маселеси катары кабыл алынган. 2016-жылы бийлик либералдаша баштагандан кийин адамдар көбүрөөк сүйлөй баштады.

Парламент сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева аялдардын укугун урматтоо жаатында социалдык желелерде, жолугушууларда тынбай айтып келатат. Социалдык долбоорлор ишке ашырыла баштады. Феминисттик көз караштагы активисттер, укук коргоочулар ой-пикирлери ачык айтып чыгууда. Мурда адам укугун коргоо уюмдарын каттоого алуу, иш-чараларды өткөрүү аябай кыйын болчу. Азыр баары жакшы болуп кетти дегенден алысмын, бирок кыйла жеңилдеди. “Немолчи.уз” долбоору да иштеп жатат.

- Кыргызстандын мисалында айта турган болсок, расмий эсепте үй-бүлөлүк зомбулук өстү. ИИМ 2020-жылы пандемиялык карантин учурунда зомбулук 65% көбөйгөнүн билдирди. Бул жаатта Өзбекстандагы сандар кандай?

- Мен пайыздык көрсөткүчтөр тууралуу эч нерсе айта албайм. Бирок түрдүү уюмдардын баяндамаларына, маалыматтарына таянсам, карантин учурунда үй-бүлөдө зомбулук фактылары көбөйгөн.

Бирок бул көйгөй Кыргызстанга же Өзбекстанга гана таандык эмес, бүткүл дүйнөдө ушундай тенденция болду. Себеби, аялдар зордукчул күйөөлөрү менен карантин учурунда бир чатырдын астында, башка жакка кетүүгө мүмкүнчүлүгү жок жашашты. Ошол эле учурда кризистик борборлордун же башка көмөк көрсөтүүчү уюмдардын адистери деле көйгөй болгон жерге жетип бара алышкан жок.

- Аялдарга карата коомдо да моралдык зомбулук да бар. Ага “Башкалардын пикири” деген түшүнүктү кошсок болобу?

- Албетте! Коомчулуктун социалдык-психологиялык басым бул - моралдык зомбулук. Мисалы, 20 жашыңда турмушка чыкпасаң, 25 жашка чейин балалуу болбосоң айланадагылар сөз кыла баштайт, сурай беришет. Ал тургай сени турмушка чыгууга, балалуу болууга мажбурлашат. Көпчүлүк кыздар мындай басымдан жабыркашат, өз жанын кыйганга аракет кылгандар бар. Зомбулукка кабылса, аны башкаларга билгизбегенге аракеттенишет.

Мен жогоруда, Ферганада уурдалган 19 жаштагы кыз тууралуу айтпадымбы. Ал деле алгач жакындарына башына түшкөндүн баарын ачык айтуудан корккон. Аны уурдашкан, зордукташкан! Бирок муну жакындарына айтуудан чочулаган, элестетсеңиз. Ушул окуя эле коомдун, жакындарыңдын басымы – моралдык зомбулук экенин көрсөтүп турат.

- Башка түшкөндүн баарына “кыз өзү күнөөлүү” деген түшүнүк да бар...

- Ооба. Албетте бул туура эмес түшүнүк. Айрыкча, зомбулукка байланыштуу жагдайда кыздын өзүн күнөөлөп, кыска кийгенин, боёнгонун кеп кылышат. Бул түшүнүктү өзгөртүш керек. Мисалы, жумуштагы кесиптеш кыз-келиндердин бири аябай жарашыктуу кийинип журөт деп элестетели, бирок дене мүчөсүнө кийими жабышып турат. Жетекчиси ага тийишсе, кыз муну ачык айтып, арызданат, тегеректегилер анын өзүн күнөөлөшөт – “эркекти кызыктырып кийинбеш керек, өзү күнөөлүү” дешет. Эгер кызга бардык кийим жарашса жана анын ажарын ачса, эмне кылышы керек? Үйдөн чыкпай отурууга тийишпи?

Эгер аял кишинин көрүнүшү сизге жакпаса, аны сөз кылбай түз эле кете бериңиз. Же жарашыктуу кийими, татынакай көрүнүшү үчүн комплимент жасагыңыз келсе, анда да ойлонуңуз – ал кыз сиздин мактоо сөзүңүздү кабыл алууга даярбы? Кээде бизде комплимент жасаганда деле чектен чыгып кеткендер болот. Ал тургай тийишип жибергендер бар.

- Сиз мурда берген интервьюлардын биринде Кыргызстандагы ала качуу маселесине да кайрылган экенсиз. Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын тагдыры тууралуу да жакшы кабардарсыз. Ушундан улам менде бир суроо жаралды. Борбор Азиядагы укук коргоочулар, активисттер аялдардын укугун коргоодо тилектештик кылып, бири-бирин колдошу мүмкүнбү?

- Албетте, тилектештик аябай зарыл. Биздин чөлкөмдөгү өлкөлөр үчүн да бул маанилүү. “Не молчи” деген кыймыл алгач Казакстанда пайда болгон, кийин Өзбекстанда да уюшулду. Кыргызстанда ала качууга каршы кыска метраждуу фильм тартылбадыбы, ошол тасмадан улам өзбекстандык активисттер деле Бурулайдын элесине арнап роликтерди даярдашты.

Ал социалдык долбоордо Бурулайдын окуясы тууралуу айтышып, зомбулукту жектешкен. Демек, тилектештик бар. Жакында эле кыз-келиндерге зомбулукту токтотууга арналган конференция болду жана ага Борбор Азиядагы мамлекеттерден адистер катышып, тажрыйба алмашышты. Бул деле тилектештиктин бир көрсөткүчү.

Дагы караңыз

- Жыныстык ыдык көрсөтүүнүн – харассменттин чөлкөмдөгү абалы тууралуу эмне айта аласыз? Кыз-келиндер бул жаатта өз укугун коргой алабы?

- Албетте укугун коргоо кыйын маселе. Себеби, айрым өлкөлөрдө тийиштүү мыйзамдар жетишпейт. Ошол эле учурда укук коргоо органдарындагы системада деле “бул үй-бүлөлүк маселе”, “өзү күнөөлүү” деген түшүнүктөр бар. Белгилей кетишим керек, ыдык көрсөтүү деген басмырлоого аялдар гана эмес, эркектер да кабылат.

Өзбекстан жөнүндө айта турган болсом, 2019-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, аялдардын күч органдарына кайрылуу жараяны, укугун коргоо аракети кыйла жеңилдеди. Коргоо механизми бар, бирок анын натыйжасы тууралуу айтууга азыр эрте. Анткени, калыптанып калган түшүнүктөр дагы эле бар. Аялдарда коомдун кеп-сөзүнө калуудан, жумушунан айрылуудан же басымдан чочулоо сыяктуу сезимдер бар.

- Акыркы жылдары Кыргызстанда жарандык активисттер телеканалдарда кыз-келиндердин укугун тебелеген жана муну кадыресе көрүнүш катары көрсөткөн фильмдерге, көрсөтүүлөргө каршы чыгып, айрым теледолбоорлор токтотулду. Бирок мен Өзбекстандын каналдарында мындай фильм жана көрсөтүүлөр, ток-шоулар дээрлик күн сайын көрсөтүлүп келатканына күбөмүн. Тагыраак айтсам, “өзбек аялы баарына чыдашы керек” деген маани көп камтылат. Бул жаатта кандай пикирдесиз?

- Медиа тармагына көп көңүл бурбайм, ошондуктан азыр кандайдыр бир пикир билдиргеним туура эмес болуп калат. Бирок адам укуктарына байланыштуу бир катар эл аралык документтер Өзбекстанда ратификацияланган. Арасында саясий-жарандык укуктар, аялдарга каршы дискринмацияга каршы документтер бар. Эгер телевидение аркылуу аялдарды басмырлаган тасмалар көрсөтүлсө, бул туура эмес.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG