Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Аялдын баркы унутта калса – зөөкүрлүккө жол ачылат


Татьяна Зеленскаянын аялдарга карата зомбулукка каршы боёк сүрөтүнүн бөлүгү. 2020-жылдын 13-июну.
Татьяна Зеленскаянын аялдарга карата зомбулукка каршы боёк сүрөтүнүн бөлүгү. 2020-жылдын 13-июну.

Соңку кездерде Кыргызстанда орун алган аялзатына каршы зомбулук аракеттер коомдогу аялдардын жогорку ролун жаш муундарга аңдатуу зарылдыгын ого бетер айгинелетти. Илимпоз Элмурат Кочкор уулунун блогу.

Ачыгын айтканда, биз, адамдар, бири-бирибизди ардактап, сыйлашыбыз үчүн сөзсүз түрдө диний китептерден “сыр” издешибиз кажет эмес. Өзгөчө адамзаттын келечеги үчүн тарткан запкыларына кайыл болуп жашаган аялзатынын ардактуу экендигин, сый- урматка татыктуу экендигин аңдоо үчүн сөзсүз Курандан же сүннөттөн, Инжилден, Тоораттан, Авестадан ж.б. негиз издөөнүн деле зарылчылыгы жок. Акылы соо ар бир киши эненин, аялзатынын улуулугун байкабай калуусу мүмкүн эмес.

Мукамбет пайгамбардын "Бейиш – энелердин таманы астында" деген эле сөзү ислам маданиятынын аялга берген баасын жетиштүү деңгээлде чагылдырып турат десек болот.

“Аял – үйдүн куту», «Аял жакшы – эр жакшы», «Аял жакшысын эри сүйөт, эр жакшысын эли сүйөт», «Кыздын кырк чачы улуу» деген макалдардын жаралуусу да кыргыз маданиятында аялзатынын ордунун зор экендигин айгинелейт.

Аштан-тойдон калган соң, күлүктүгү не пайда?

Коомдук тажрыйбада чыныгы абалдын мындай болбой жатышы – биздин чабалдыгыбыз десек болот. Алсак, "Аял үйдө олтуруш керек, эркек сүйлөгөн жерде сүйлөбөй туруш керек, башкаруучу болбош керек, эркекче сүйлөп, эркекче мамиле кылалы, эркексиңби же катынсыңбы?.." деген сыяктуу түшүнүктөр теорияда аялга ылайык көрүлгөн баанын коомдук турмушта дайым эле жүзөгө ашпай жаткандыгын айгинелейт.

Кээ бир эже-карындаштарыбыз: "...эми биз, аялдар, ушундайбыз; көп сүйлөйбүз, сөзүбүзгө тура бербейбиз", – деген сыяктуу сөздөрү менен аялзатына каршы кылымдар бою орун алып келген кемсинтүүгө байкабастан кол кабыш деле кылып коёт...

Бул түшүнүктөрдүн бардыгы илимден, маданияттан артта калган аң-сезимдин мөмөсү десек болот. Тарыхта аялга туура баа берилген доорлордо, аялдардан кандай гана залкарлар чыккандыгы баарыбызга маалым.

Жакынкы эле тарыхыбызга кайрылсак, Курманжан датканын дипломатиядагы көрөгөчтүгү бүгүн дагы бир топ дипломаттарыбызга жол көрсөтүп бере турганчалык күчкө ээ. Манас атабыздын ар бир ийгилигинин аркасындагы Каныкей энебиздин акылдуулугун, сабырдуулугун унутпоо керек, деп улуу эпос осуят жеткирген. Ислам тарыхына кайрыла турган болсок, Айшанын өзгөчө Калам илиминде терең түшүнүгүн, сахабаларга эң оор маселелерде дарс окутуп келгендигин өрнөк кылып айтышат.

Укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү жогору болгон аялдар гана коомдо эң мыкты эне, эң мыкты жубай болуп бере алышат. Муну тарыхтын ар бир баскычы тастыктап келе жатат. Андыктан аялзатын басмырлоо аркылуу жалтыратып тукум улап кетүүнү самоо – дөдөйлүккө тете.

Мен бул кескин сөз менен эмне демекчимин? Учурда коомубуздагы буга байланыштуу айрым жосунсуз көрүнүштөр, чынын айтканда, купулума толбой турат.

Бул жерде алгач эже-карындаштарга кайрылып кетким келет. Эгер жогорудагы абалга туура сереп салсаңыздар, аялды аруу, кол жеткис, сыйга татыктуу кылган нерсе – бул жакшы кулк-мүнөз, адамгерчиликтүүлүк экендигин аңдоо кыйынга деле турбайт. Тактап айтканда, акылдуу, дурус кулк-мүнөзгө ээ, боорукер аялдардын тарыхта аты, жүрөктөрдө мээрими сакталып калды.

Умай эне, Махамайя, ыйык Мария, Каныкей, Биби-ханым, Тереза эне, ж.б. куттуу аялдар ар башка этностук жамааттарда жана цивилизация очокторунда даңазаланып келди. Будданын окуусунда да аялдар эркектер менен тең ата эң жогорку аруу деңгээлге чыга алат, деген түшүнүк камтылган.

Эрдин тайыз мүдөөсү, аялдын курмандыгы

Чыныгы эр кыздын адебине ашык болот. Үй-бүлө ашыктыктын, адеп-ахлактын пайдубалына курулат. Көрсө, биздин ата бабаларыбыз муну "Кишинин көркү – адеп" деп таамай айтып койгон экен.

Эгерде кыз келиндерибиз башкы сапта болуу менен бирге бүткүл коомчулук билимдүүлүктө жана адептүүлүктө ат салышканыбызда коомдун пайдубалы болгон үй-бүлө институту азыркыдан алда канча бышык, гармониялуу, мөмөлүү болмок. Үй-бүлөдө эркектин күчтүүлүгү сыяктуу эле өзгөчө, аялдын сый-урматы камсыздалбаса, ал үй-бүлө бышык болбойт. Келечекти аманат кылып калтырып кете турган жаңы муундун кандай кишиликке ээ болоору, – мындайча айтканда, жалпы келечегибиз, – дал ушундан көз каранды.

Албетте бул маселени эки жактуу кароо керек. Аялдардын өздөрүнүн сырткы көрүнүштөрүн ашыкча жасалгалагандыгы, ашыкча боёнгондугу, зыйнаттарды тагууга ашыкча маани бергендиги – эркектердин кемчилдиги болуп деле эсептелиши мүмкүн. Анткени бүткүл мода атамандарынын, бүт косметикалык товарлардын ойлоп табуучуларынын басымдуу бөлүгү эркек кишилер экендиги да айтылып келет.

Эгерде эркектер сырткы сулуулукка мынчалык көбүртүп-жабыртып маани берүүнүн ордуна ички сулуулука, адептүүлүккө алда канча олуттуу маани беришкенде, ошондой эле, аялдардын адеп-ахлактуулугун жана коомдогу пазилеттүүлүктөрүн баркташканда, анда аялдар сырткы сулуулукта эле эмес, биринчи кезекте ички сулуулукта бири-бири менен жарыша башташмактыр... Бул, албетте, күзгүнүн экинчи бетиндей, эркекке карата аялдар берчү баага да тийешелүү, бирок аялдардын көпчүлүгү, эркектерден айырмаланып, турмушта прагматик келишет.

Айтаар кеп

Толугу менен косметикадан баш тартуу мүмкүн болбосо керек, балким туура да эместир. Бирок бүгүн аша чаап кеткендигибиз туурасында кыз келиндер жана сылаңкороз эмес жигиттер деле бул оюма кошулат деп ойлойм.

Бул кылык – «массалык маданият» таңуулаган жашоо таризинин бир "белеги" го деп ойлойм. Батыш коомунун аялга болгон көз караштары көбүрөөк напистерине жана кумардуу калоолоруна таянат сыңары. Канчалык бул чындык ачык айкын айтылбаса деле белгилүү да.

Эркектерди жана кыз-келиндерди мода дүйнөсүнүн куурчагы болууга каршы чыгууга үндөөр элем. Албетте, коомдо жашап туруп, анлан четте кала албайбыз. Бирок модадагы кээ бир көрүнүштөр, мисалы, атайылап жыртык шым кийүү – айрым өнүккөн өлкөлөрдө жакыр катмардын жаштарынын социалдык нааразылыгынын түрү катары чыккандыгын, эми кээде жыртык шымдарды байлардын урпактары өзгөчө кымбат баада сатып алып жатышкандыгын көрүп жүрөбүз.

1950-жылдардын этегинен тартып АКШда «хиппи» усулунда кийинүү кыймылы башталган. Буга АКШнын Вьетнамдагы согушка киргендигине каршы нааразылык түрткү болгон. Согушка өкмөт өзү үгүт кылып, чиркөө башчылары, диний жамааттардын жетекчилери өздөрү адилетсиздикке аралашканын көрүп, далай жаштар алардын адеп-ахлагына гана каршы чыкпастан, алардын салттык кийимдерин да чанганга барышкан.

«Элита» таңуулаган модадан баш тартып, эркин кийинүүгө умтулган Батыштагы жаштардын бир бөлүгү байыркы доордогу ар бир элдин жөнөкөй кийим-кечесине кайтуунун өрнөктөрүн сунушташкан. Андан соң бул кыймылдын айрым өкүлдөрү мурунга, тилге сөйкө тагынууга өтүштү.

«Массалык маданияттын» жаңы агымдарынан акча табууга умтулгандар хиппилерге ылайыкташкан кийим-кечек, буюм-тайымдарды ыкчам өндүрө башташты. Саясий же социалдык нааразылык менен иши жоктор деле «эл эмне дейт» деген илеп менен хиппилердей кийинип же жасалгаланып алган учурлар көп болду.

«Хиппи» кыймылынын бир кыйыр пайдасы – майда этностордун өкүлдөрү акырындап унутулуп бара жаткан улуттук кийимдерди кайрадан көптөп өндүрө башташты. Эгерде Кыргызстанда орус шапке, европалык калпакты чыкчырылтып кийгендер мурда көп болсо, эми ак калпакчан эркекти, ак элечекчен айымды көбүрөөк учуратып калдык.

Айрым дааватчылардын «хиппилери» европалык костюмдун ордуна пакистандык же ваххабийлик чапандарды таңуулай башташты эле, эми кыргыз молдолору ак калпак, кыргыз топу, кыргыз чепкен жана чапан кийүү менен жергиликтүү саркеч кийим тигүү салтын коргоого алышты.

Баса, теги түркстандык түрк бабаларыбыздан болгон мусулман философу, илимпоз Абу Наср ал-Фараби ат-Түрки Сириянын Дамаск сыяктуу шаарларында жүргөндө да борбордук азиялык үлгүдө тигилген чапанын үстүнөн түшүргөн эмес, дешет. Мусулмандык дүйнөнүн батышында ал мусулмандык чыгыштын да өрнөгүн ала жүргөн. Бирок анын ойчулдук мурасынын нуру жалаң диндештерине гана эмес, өзү аздектеген Аристотелдин мурасындай эле жалпы адамзатка тийген.

Азыр болсо Чимкентте «Ал-Фараби» дүр-дүнүйө дүкөнүндө же илгерки Фараб шаарынын жанындагы Түркстан шаарында аялдардын жана эркектердин сымбаттуу кийимдери, атыр, жыпар жыттуу заттар, зергерлик буюмдар сатылат деген жарыяларды интернеттен көп окуйсуң. Ар кимге өз каалаганы сунушталат.

Зомбулукка орун жок

Бирок, жыйынтыктасак, ушул мозаикалуу, улам жаңы түстө кубулган дүйнөбүздө аялзатынын шаанисине жарашкан коомдук жогорку макамы көз жаздымда калбоого тийиш. Бул макамды диний ишенимибиз да, каада-салтыбыз да берген.

Акыркы учурлардагы Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук көрүнүштөрү өзгөчө кейитет. Аялзатка кордук көрсөткөндөрдүн тозогу акыретти күтпөстөн бул дүйнөдө эле мыйзамга ылайык башталышы абзел деп ойлойм...

Тасма. Ала качуу зөөкүрлүгүнө айрым аялдар да аралашкан. Комикс.

Соңу трагедия менен бүткөн замандаш айымдардын тагдырына кайдыгер калбаш үчүн жаш муундарга ачык тарбия сааттарын сунуштоо зарыл.

Илгеркилер айткандай, аракет – бизден, ийгилик – Кудайдан!

Элмурат Кочкор уулу,

Түркия.

XS
SM
MD
LG