Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

HRW: Куугунтук менен зомбулук азайган жок


8-март, 2020-жыл, Бишкек.
8-март, 2020-жыл, Бишкек.

Эл аралык «Human Rights Watch» уюмунун 2020-жылга байкоо салган баяндамасында Кыргызстанда адам укуктары жаатында бир катар мыйзамдар бузулганы белгиленет.

Эл аралык «Human Rights Watch» (HRW) укук коргоо уюмунун 100дөй мамлекеттеги, анын ичинде Кыргызстандагы адам укуктары боюнча кырдаалга көз салган баяндамасы 13-январда жарык көрдү.

Анда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун түрмөдөгү өлүмү жыл ичинде бул чөйрөдөгү эң терс көрүнүш болуп калганы белгиленет. 2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаров 25-июлда №47 абакта каза болгон. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Аскаров «оң тараптуу пневмониядан» көз жумганын билдирген. Эл аралык уюм кыргыз бийлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин тыянагына көз жуумп, Аскаровдун саламаттыгынын начарлашына байланыштуу тынчсызданууга карабай түрмөдөн чыгарбай келгенин белгилеген.

«Human Rights Watch» баяндама жарыяланган кезде да бийлик Аскаровдун өлүмү боюнча көз каранды эмес иликтөө жүргүзө элек экени жазылган. Укук коргоочулар боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысы Мэри Лолор Аскаровдун өлүмүн «кыргыз өкмөтүнүн аброюна шек келтире турган кара так» деп атаган.

Андан тышкары эл аралык уюм 8-мартта өткөн тынч митингге чыккан 70дей активисттин мыйзамсыз кармалышына да көңүл бурган. Алардын айрымдары күч түзүмдөрүн сотко бергени менен Жогорку сот милициянын аракеттерин мыйзамдуу деп тапкан.

8-мартта өткөн жүрүштүн катышуучуларын милиция кармап баратат. 8-март, 2020-жыл.
8-мартта өткөн жүрүштүн катышуучуларын милиция кармап баратат. 8-март, 2020-жыл.

Баяндамада ошондой эле укук коргоочу Камил Рузиевдин камалышы белгиленет. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Рузиевди «Документтерди жасалмалоо» деген күмөндүү айып менен камакка алган. Күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулугуна кабылган адамдарды коргоп, юридикалык жардам берип келгени менен белгилүү Рузиев өзү да УКМК менен прокуратура ага басым-кысым көрсөткөнүн айтып, аларга каршы арыз жазган. Рузиевдин иши сентябрь айында сотко өткөн.

HRW 2020-жылы Кыргызстанда журналисттер сынчыл макалалары үчүн тартип коргоо органдарынын куугунтугуна кабылганын белгилейт. Айрым журналисттер октябрь айындагы саясий башаламандык маалында кол салууга, анын ичинде тартип коргоочулардын чабуулдарына кабылганы да жазылган. Кээ бир журналисттер нааразылык акцияларын чагылдырып жатканда тиги же бул топтордун опузасына, куугунтугуна кабылганы баса белгиленет.

Андан тышкары Жазык-процессуалдык кодекске үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын коргоого багытталган өзгөртүүлөр киргизилгенине карабастан бийлик бул багытта күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартпай жатканы жазылган. Июнь айында өткөн Аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Аида Исмаилова 2020-жылдын биринчи чейрегинде үй-бүлөдөгү зомбулук 65% көбөйгөнүн билдирген.

Ошол эле айда социалдык тармактарда аялынын мойнуна эки дөңгөлөктү илип коюп, башка-көзгө чапкылап жаткан эркек кишинин видеосу таркаган. Коомчулукту дүрбөткөн бул видеодогу адам кармалып, сот аны эки жылга шарттуу гана кескен.

2020-жылдын алгачкы беш айында кыйноо боюнча 68 арыз түшкөн. Ушундан улам эл аралык уюмдун баяндамасында абак-жайларда кыйноо кадимки көрүнүш бойдон калып келгени, ал үчүн эч ким жазага тартылбаганы белгиленген.

HRW кыргыз өкмөтү 2020-жылы майып балдардын билим алышы үчүн жетиштүү шарттарды түзүп бербегенинин жазат. Ошондой эле уюм коронавирус пандемиясына байланыштуу март айында киргизилген өзгөчө абал режими маалында көз каранды эмес журналисттердин, адвокаттардын эркин жүрүшүнө коюлган тоскоолдуктарга көңүл бурат.

XS
SM
MD
LG