Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Сузакта аялына зомбулук көрсөткөн адамдын иши сотко өттү


Сузактагы окуядан кийин тартылган сүрөт. Автору: Татьяна Зеленская.
Сузактагы окуядан кийин тартылган сүрөт. Автору: Татьяна Зеленская.

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматы аялга кордук көрсөтүү боюнча чуулгандуу фактыны иликтөө ишин аяктап, материалдарды сотко өткөрүп берди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы окуя 8-июнда Сузак районундагы айылдардын биринде катталганын тактаган.

Милиция кордук көргөн 47 жаштагы аялдан арыз алып, аны сабоого шектүү күйөөсүн кармаган. Факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иликтөө иштерин баштаган. 13-июнда зомбулук көрсөткөн 51 жаштагы киши 15 күнгө камалган.

Кийин аял кайра күйөөсүн кечиргенин айтып, тосмо арыз жазып берген. Милиция ага карабай тергөөнү улантканын билдирген.

Бул боюнча маселе 14-июнда өкмөткө караштуу Аялдар иши жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында талкууланды. Парламент имаратынын алдында аялдарын укугун коргоого чакырган бир нече акция өттү. (ErN)

XS
SM
MD
LG