Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Педофилдерди ачыкка чыгаруу боюнча сунуш


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жашы жете электерге жыныстык кордук көрсөткөндөрдүн тек-жайы, сүрөтү топтолгон маалымат базасын түзүү боюнча сунуштар айтыла баштады.

2020-жылы декабрдын башында жашы жете элек кыз эки жылдан бери аны өгөй атасы зордуктаганы тууралуу айткан видео тараган.

25-декабрда Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы Токмок шаарында өгөй кызын зордуктоо үчүн шектүү адам эки айга тергөө абагына камалганын кабарлады.

Өткөн айда Тоң районунда 13 жаштагы секелектин зордукталышы боюнча айыптуу үч адамдын экөө акталып чыкканы коомчулукту нааразы кылган.

Жогорудагы окуялар өспүрүм балдардын коопсуздугун камсыз кылуу маселесин күн тартибине алып чыкты.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева жашы жете электерди зордуктагандардын тек-жайы, сүрөтү топтолгон маалымат базасын түзүүнү сунуш кылды:

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

«Балдарды зордуктаган адамдар боюнча комплекстүү иш алып барыш керек болуп жатат. Бул тизмени түзүү - бир күндүк иш эмес. Ал тизме түзүлөр алдында талдоо жүргүзүлүшү керек. Ар бир айылдын, райондун жана облустун жергиликтүү бийлик органдарынан атайын маалымат алып, анан талдашыбыз керек. Өнүккөн өлкөлөрдө мунун баары бар. Биз алдын алган, көзөмөлдөгөн маселелерди да ойлошубуз керек. Балдардын коопсуздугун мамлекет камсыз кылып бериши керек. Ушундай карта бизге да керек. Ар бир ата-эненин, жалпы эл-журтубуздун назарына чыгарбасак болбой калды. 13 жаштагы кызды бир нече эркек зордуктаганы далилденгенде айылдаштары тескерисинче ал кыздын өзүн, ата-энесин күнөөлүү кылып салган учурга баарыбыз күбө болдук».

Вице-премьер-министр педофилдер жөнүндө маалыматтарды ачык жарыялаган тажрыйба Казакстанда бар экенин мисал келтирди. Ошондой эле Сурабалдиева ата-энелер балдарына чоочундар менен сүйлөшпөөнү үйрөтүшү зарыл экенин белгиледи.

Бул сунуш коомчулукта чоң талкууга жем таштады. Министрдин сунушун колдогондор арбын. Деген менен тизменин так жана туура түзүлүшүнөн кооптонгондор да жетиштүү. Тизмени түзөрдөн мурда соттордун да жоопкерчилигин күчөтүш керек деген пикирди айткандар бар.

«Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова бул демилгени ишке ашыра турган орган кылдат иштеп чыгышы керек деген оюн «Азаттыкка» билдирди:

«Негизинен бул сунуш туура. Бирок кылган кылмышы тастыкталып, ачылгандан кийин чыгарыш керек. Кылмышы тастыкталбай туруп эле күнөөсүз кишинин сүрөттөрү да чыгып кетиши мүмкүн. Эгер күнөөсү ачыкка чыгып, тастыкталса - анда бул абдан жакшы сунуш. Бирок азыр кылмышы аныкталса деле соттор актап салып жатышат. Демек сотторду да жоопкерчиликке тартуу зарыл. Сотторго да катаал мамиле болушу зарыл».

Рыскулова соттордун адилетсиздигинен улам көп учурда жыныстык зомбулукка кабылган өспүрүмдөрдүн ата-энеси ишти аягына чейин чыгаруудан баш тартып коёрун белгиледи.

Ал эми укук коргоочу Назгүл Турдубекова тизме түзүп коюу менен маселени чечүүгө мүмкүн эмес деп эсептейт. Ал балдарга өзүнүн укугун жашынан баштап үйрөтүш керек экенин белгилеп, буларга токтолду:

Назгүл Турдубекова.
Назгүл Турдубекова.

«Албетте, тизме түзүш керек. Бирок балдарга карата зордук-зомбулукту жоюш үчүн ал жетишсиз. Кыргызстанда өспүрүм балдар өз денесине кол тийгизбегенге укугу бар экенин билишпейт. Ошондуктан айылдарда өспүрүм кыздарга карата атайын сезимтал жол-жоболорду иштеп чыгыш керек. Андан сырткары ата-энелер да өз балдары менен мамилесин жакындатып, көзөмөлгө алышы керек. Бизде ата-энелер балдарына көңүлкош мамиле кылышат. Бир жакка жөнөтөт да, сурап дагы коюшпайт. Андан сырткары мектептерде балдардын алардын денесин кармалаганга, жыныстык мамиле курууга эч кимдин укугу жок экенин окутуп, үйрөтүү керек».

Укук коргоочунун айтымында, жыныстык зомбулукка кабылган өспүрүмдөрдүн 30% өз үй-бүлө мүчөлөрүнөн, өз же өгөй атасынан кордук көргөн. 50% үй-бүлө менен катышып жүргөн туугандарынан, досторунан, кошуналарынан жабыр тарткан. Андан сырткары ата-энеси алыста болуп, кароосуз калган кыздар же балдар да жыныстык зомбулукка көп кабылат.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жасаган иликтөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, узаган жылы тогуз айда «Зордуктоо» беренеси боюнча 269 иш сотко чейинки териштирүүгө алынса, 200ү сотко жетпей токтотулган, 17 иш гана сотко жеткен. 54 иш «Жашы жете электерге жыныстык ыдык көрсөтүү» беренеси менен катталган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча мурунку жылдары жашы жете электерге карата 1101 кылмыш иши катталган, анын 150дөн ашууну жыныстык мүнөздө болгон.

Жашы жете электерге жыныстык зомбулук үчүн шектүү катары 57 жаран кармалган. Алардын канчасы сот жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматтар жок.

Кыргызстандын Жазык кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, жашы жете электерди зордуктоо үчүн айыпталгандар 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

XS
SM
MD
LG