Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Аялын кордогон эркектин тукумуна доо кетет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыздын кыз-келиндеринин кулк-мүнөзү өтө мокок, өтө жалтак. Себеби, тестиер кезинен калыптанган мүнөзү ошол. Болгондо да үй-бүлөдөн! Мына ошол кулк-мүнөзү кийин эр бүлөнүн зордук-зомбулугуна да жол бербей коёбу?!

Арийне, кенедейинен басым-кысым астындагы “сен кызсың” деген рамканын ичинде жүрүп бой сунган кургур кийин турмушка чыкса да, ага карата басым-кысымдын баарын көндүм адаттай кабыл алган көрүнүштөрдү турмуштан көп эле кезиктирүүгө болот.

Өзгөчө күйөөсүнө кыңк этпес шордууга айланган кыз-келиндер айыл жергесинде толтура. Мен муну эр ортону элүүгө келгенче кыргыз турмушунан сыртта жашабаган үчүн ишенимдүү кеп кылып отургандагым.

Кыргыз турмушуна сырттан байкоо салып келгендерден эмесмин, ушул жашка келгенче кыргыздын айыл турмушунан да, шаар турмушунан да бөлүнүп жашабадым. Кай жерде болбосун кезиктиргеним – эринен таяк жеген, эринин колунан зөөкүрчүлүк менен өмүрү кыйылган же майыптыкка учурап шорлогон кыз-келиндер жок эмес!

Ал эмес бөлөк-бөтөн эркек сөрөйү деле четте миграцияга тушугуп, өз тирлигин кылдыратып жүргөн кыз-келиндерибиздин жеке турмушуна чейин кийлигишкен жагдайлар канча. Өздөрүн Кыргызстандын “патриоттору” санаган түркөй мүнөз албан-субандай жигиттерибиз башка улуттагы жигиттер менен мамиле күткөн кыргыздын кыз-келиндеринин баскан-турганын көзөмөлгө алып, бирөөнүн жеке тагдырына аралашар жөнү барбы?! Ал тургай кыз-келиндерди ошол жерден ур-токмокко алып, коркутуп-үркүткөндөрү зээн кейитет.

“Бир уйдун мүйүзү сынса – миң уйдун сөөгү зыркыраган” улуттук принциби бар эл болсок, өзүбүздү эр санаган мырзалар кайра ошол бөтөн жерде азып-тозуп жүргөн кыз-келиндерибиздин алдында уяла турган жерде элек. Эгер өзүбүздү эр бүлө санасак, чырактай кыз-келиндерибизди четке тентитпей, чекесинен черттирбеген намыска эмнеге келбейбиз?! Кыз-келиндерибизди жумуш менен камсыздаар эр-азаматтарыбыз арбын чыкса кана!

Бийлик башында жалаң шагыраган эркектер башкарган отуз жылдан берки тагдырыбыз ушуга кептелет беле?! Өзүбүздү эр-азамат санасак, жаратмандык жөндөмүбүз менен кыз-келиндерибизди жумушсуз калтырбай, иш менен камсыздайт элек го! Киндик каны тамып, кири чайкалган өз мекенинде кор кылбасак, алар да өз үй, өлөң төшөгүндө бакубат жашоо куруп, бала бапестеп, бала тарбиялоо жыргалын кыялданбайт беле?! Алардын кыялдарын кыйраткан биз – эр бүлө саналган ар кимибиз кыз-келиндердин алдындагы күнөөбүздү качан сезебиз?!

Күйөөлөрү бөтөлкө түбүнө түшүп, аракечтиктен көзү ачылбай жүрсө, бабалардан калган накыл кеп кулагыбызга кирбегени ушул: “карабаса катын кетет” болуп, эгемендик жылдары улуттун учугун улачу кыз-келиндерибиз дүйнөнүн төрт тарабына шурудай чачылып – жыйнай албай отурабыз! “Бала – белде, катын – жолдо” деген ата-бабабыздан калган түркөй түшүнүктө жашаган эр бүлөнүн канчасы чырактай кыз-келиндердин тагдырын талкалап, ажырашып тынышты?! Мындай кесир түшүнүк эми башыбызга тийип отурган жокпу?! Ошол кесир түшүнүгүбүздүн айынан канчалаган жалгыз бой кыз-келиндерибиздин санын арбытпады кызыл камчы эркек сөрөйлөрүбүз?! Аялдардын эркекке болгон ишенимин биз – өзүбүз жоготкондурбуз мүмкүн. Аялзатка таяныч тоо боло албаган өзүбүздөн неге күнөө издебейбиз, жолуң болгур, мырзалар!

Мүмкүн мага каяша айтчу кур намысчыл кыргыздар чекеден табылар, “кыргыз эли байыртан аялзатын урматтап келген” деген жайдак аргументтерин жаадырган. Йе кагылайындар, байыркы ата-бабаларыбызды жайына коёлучу! Бүгүнкү кыргыз урпагынын жүрүм-турумун кеп кылалы! Биз бүгүн байыркы кыргыздардай нарк-насилдүү, адеп-ахлактуу калк эмеспиз. Биз бүгүн майда, түркөй, зөөкүр чалыш, катынга кызыл камчы кыргыз урпагы болуп чыга келдик! Мен деле бөлөк-бөтөн жан эмесмин кыргызга. Каным кыргыз, жаным кыргыз болгондуктан – жан-теним ачыйт кыз-келиндерибиздин кейиштүү тагдырына.

Айрым ата-энелердин үйдөгү чийинден аттатпас чектөөлөрүн кой, кыз бала мектеп босогосун аттайт, окуй баштайт. Үйдөгү басым-кысым, тыюулар аз келгенсип, мектеп мугалимдери арасында деле кыз балага тыюу салган көндүм көрүнүштөр канча кезигет бизде? Ата-энелер сыяктуу эле мугалимдер арасында кыз баланы чектен чыгарбас, “кызга кырк жерден тыюу” салар менталитетибиз канчалаган кыз-келиндерди кыңк этпес момунга, малайга, шордууга айлантты?! Ал тургай көчөт курактагы кыздарды да көчөдө сексеңдеп ойногонун тыйгандар канча, айтор, үйдө да, мектепте да, көчөдө да кыз балага болгон кысымдар басымдык кылат.

Кезинде улуу пайгамбарлардын бири Моисей Египетте туткунга кабылган еврейлерди алып чыгып кетип баратып, өз элинин кулк-мүнөзүн кулчулуктан куткаруу үчүн беш күндө жетчү жерге кырк жыл ээрчитип жүргөн эмеспи. Себеби кулдук сезим кан-жанына чейин сиңген муун жашап өтүп кетиш үчүн; кулчулук сезимден кутулган адамдар жаралыш үчүн өз элин кырк жыл бою артынан ээрчиткен экен.

Муну менен эмнени айткым келет? Соңку тарыхыбызда төгөрөктүн төрт бурчуна агылган миграция агымы кыргыз кыз-келиндеринин далайынын көз карашын өзгөрткөнү кубандырат. Көндүм стеоротип эски түшүнүктөрү алмашып, кеч да болсо көздөрү ачылууда. Албетте, алар четте жүрүп жыргап келген жок, четте жүрүп да турмуш азабынан шорлогону арбын. Керек болсо ошол жакта да ээн жүргөн кыз-келиндерибиздин баскан-турганын көзөмөлгө алчу “патриоттор” чыкканын кантели!

Ошондой болсо да бөлөк эл, бөтөн жерде жүргөнү өз укугун, өз эркиндигин тааныды. Өз алдынча турмуш-тирилик кылуу жөндөмүнө, мүмкүнчүлүгүнө көздөрү жетти. Зөөкүр күйөөсүнүн таап келгенине эле көз каранды болбой, өзүнүн тапкан-тергенине чекеси жылып, эр бүлө менен тең ата тыйын-тыпыр тапканга жараганы бар. Өз маңдай тери менен тапканына турмуш тартыштыгын жеңип, балдарын окутуп-чокутканы бар. Ошого удаа эле айыл жергесинде күйөөсүнүн гана таап келгенине түбөлүккө көз каранды болуп отурган келин-кезектер канча?! Алардын тагдыры да өмүрү кудуктун түбүнөн сыртка чыкпаган курбаканын тагдырына окшош.

Мынча болду курбака менен алгыр бүркүттүн мисалын кыстара кетели. Илгери бир оронун түбүндө жаткан курбака көк асманда чабыттап келген бүркүттүн кайларда жүргөнүн сураптыр. А бүркүт «О, булуттардан нары чыктым, кең ааламды кыдырдым, күнгө жакын бардым, айды бир айланып келдим!» деп шаңшыйт. Курбака анан бүркүттү сынамакка суроо узатат: «Аа түзүк, күнгө жакын барсаң, айды бир айланып келсең, күн канчоо экен?». «Күн бирөө» дейт бүркүт. «Ай канчоо экен?» дейт. «Ай бирөө» дейт бүркүт. «Ии, так айтты, көргөнү чын экен» дейт курбака: «Аа жылдыз канчоо экен?» десе, бүркүт чынын айтат: «Эсептей албадым. Өтө көп экен».

Ошондо курбака көпкө бакырып, шылдыңдап: «Уа-а! Жалганчы! Алдамчы! Уа-а... Жылдыз бирөө эле! Уа-а!» деп күлүптүр. Кыраан бүркүт бир шаңшып: «Жаткан жериң оронун түбү болсо, сага эки жылдыз көрүнмөк беле?» деп, кайра көккө атылып чыгып кеткен экен...

Анын сыңарындай кыргыз турмушунда да оронун караңгы, сыз түбүндө жатып эркиндикти көрбөгөн курбакага окшоп – аялзаттын эркиндиги, укугу эмне экенин өмүрү туйбаган келин-кезектер бар. Эркиндиктин даамын да татыта элекпиз аларга! Укугун урганыбыз жок. Аларга үйдөгү малайдай мамиле кылгандар четтен табылган коомдо жашайбыз. Ал эми тышка чыгып келген кыз-кыркындардын арасынан аз да болсо бүгүн өз эркиндигин, өз укугун коргоого ариети жетип, сезими ойгонгондорду көрүп, сүйүнөсүң.

Тышкы миграция агымы түмөн сандаган кыз-келиндерибиздин дүйнө таанымына, коом таануусуна өбөлгө болгону – алардын өздөрү үчүн гана маанилүү эмес, улуттук сапатыбызды арттырып, улуттук менталитетибиздин жаңылануусу үчүн да чоң мааниге ээ экендигине көңүл бурбай келебиз. Англис жазуучусу Оливер Голдсмиттин айныгыс насыйкаты бар: “Адам баласынын эң биринчи тарбиячысы – энелер”. Демек, улуттук кулк-мүнөзүбүздөгү жер карамалык, тартынчаактык, кошоматчылык, эки жүздүүлүк мүнөздөр кайдан алыптанат? Албетте, үй-бүлөдөн. “Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың” накылы да дал ушул жерде жатат.

Ата-эне, бала бакча жана мектептегилердин, кошуна-колоңдордун наристелерди баласынтуу мамилеси – акыры канчалаган кыргыз урпагын чоркок мүнөз, жалтак мүнөз, эки жүздүү кылып тарбиялабады экен. Себеби баарыбыз эле балага эбедейибиз эзиле мамиле кылганыбыз менен, аларга ашкере чектөөлөрдү, тыюуларды коё берме адатыбыз бар. Балдардын чындыгын кабыл албайбыз. Алардын оозунан чыкдыктын учкуну жылт дей түшсө – чычалайбыз. Балдардын оозунан чындыкты уккубуз келбейт. “Бала деген баладай болуш керек” деп жаагын жап кылган жайыбыз бар.

Аныгында кенедейинен басым-кысым алдында өскөн уул-кыздарыбыз чындыктын тили менен сүйлөөгө кайдан үйрөнсүн. Кийин эле бой сунуп коомго аралаша келгенде жетекчилеринин алдында жер карама, жоро-жолдоштор арасында эки жүздүү кулк-мүнөзү кантип калыптанып калганын өздөрү да аңдабайт. Анткени кенедейинен басмырланган мүнөз менен өскөн балдар келечегинде адам сыягынан ажырап каларын психология илими эбак далилдеген.

Адамдын кулк-мүнөзүндөгү өктөмдүк, агрессивдүү жүрүм-турумдун баары басым-кысым алдында өскөн балдардын жан дүйнөсүндө кийин-кийин гана пайда боло баштайт. Алар корс мүнөз, орой сапатта тарбиялангандыктан, учурдагы улуттук менталитетибизге, улуттук сапатыбызга карайлычы! Кичүүлөр улуулардан ийменбеген, зиркилдеген ачуусу дароо мурдунун учунда турган жаштардын мууну өсүп чыкты. Арийне, Оливер Голдсмиттин: “Адам баласынын эң биринчи тарбиячысы – энелер” дегенин бекер мисалга алганым жок.

Турмуш чындыгына келсек, күйөөсүнүн ур-токмогуна байма-бай кабылган келин-кезектерде кайдагы мээрим калат?.. Энесинин ур-токмокко кабылганын көрүп өскөн уул-кыздарынын психологиясына доо кетпей коёбу?!

Ошондон улам миграция шарына кабылып бөлөк эл, бөтөн жерден өз бактысын издеп кеткен кыз-келиндерибизге миграция кандай мүмкүнчүлүктөрдү берди? Мен буга жакшы өңүттөн карар элем. Чын-чынына келгенде, миграция агымы далай-далай аялдарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү бергени кубандырат. Адам генетикасында кан алмашуу кандай чоң мааниге ээ болсо, кыз-келиндерибиздин дүйнө таанымы, коом таанымы жаңырып, эң башкысы – өзүн өзү таануусу үчүн алардын түшүнүктөрү, көз караштары өзгөргөнү да чоң мааниге ээ. Башка цивилдешкен элдердин жашоо-турмушун көрүп, эжеси сиңдисине, сиңдиси эжесине, курбусуна, кошуна-колоңдоруна баян куруп берет.

Далайы буга дейре өзүн караңгы кудуктун түбүндөгү курбакадай кармап келген болсо, учурда дүйнөнү шаңшып учуп айланып келген алгыр куштай чабагандаган кыз-келиндерибиз арбыды. Алар башка элдердин тилин билип, маданиятын өздөштүрүп келип атканы – келечекте бой сунуп өсүп чыгар жаңы генерациядагы кыргыз урпагын тарбиялап өстүрөрүнөн шегим жок.

Олжобай ШАКИР

Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.

XS
SM
MD
LG