Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 07:31

Музейдеги кыз беткаптарды сыйрып кетти


Олжобай Шакир

Жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин кезектеги өзгөчө пикирине орун беребиз.

Жайдак түшүнүктөгү улутчулдуктун келечеги кандай болор экен? Анчалык эле нарк-насилдүү эл экенибиз ырас болсо, кана бүгүн ошол нарк-насилдүү улут урпактарынын сабырдуулугу, кана ошол ата-бабадан бери сакталган генетика?

Көркөм сүрөт музейиндеги феминнале көрсөтмөсүндөгү окуя эле бир элди жылаңачтап кетти го. Рухий жылаңачтыгыбызбы, түркөйлүгүбүзбү, айтор, кайсынысы болсо да бир эле жылаңач сулуу кимдин ким экенин айгинелеп койду.

Улутчул болуш үчүн сөзсүз агрессор болушу керекпи же сабырдуубу? Экөөнүн кайсынысы дурус тандоо?

Аталган окуянын чуусу кызыганда ортодо кайсы улутчул топ калыс сөз айтып: эки тарапты полемика, плюрализмге, сабырдуулукка чакырууга жарады? Тескерисинче, өздөрүн улутчул эсептегендин баары бир тараптуу агрессор болуп чыга келди. Мени ушул көрүнүш көбүрөөк бушайман кылгандан улам бул тема көөдөнүмдү көсөп туруп алды. Өткөн күндөрдөгү темага кайрылганымдын жөнү да ошондо.

Эң кокую – кечээ эл баштайбыз деп жүргөн саясий ишмерлер менен белгилүү инсандар баш болуп, феминнале көрүнүшүнө толеранттуу мамиле жасаган азчылыкты кандай гана келеке кылбады?! Кандай гана коркутуп, кодулашпады?! “Булар эл душманы!”, “Булар чыккынчы!”, “Батыштын ыпластыгын ташып киргендер”, “Батыштын агенттери”, “Мындайлар Кыргызстандан чыгып кетсин!” деген өктөм талаптары жаап турду. Ушулбу алардын ар-намыстуулугу? Же улуттук ариетти ушинтип коргоого болобу?

Макул, феминналедеги көрсөтмөгө түшүнүк менен караган азчылык ошончолук эле койнунда котур ташын каткан эл бузарлар экен, анда улутчул жана диний топтор ошол күндөрү нарк-насил, акылмандык, аруулук, сабырдуулук деген ата-баба касиеттерин эмнеге сакташкан жок?!

Болбосо, башкалардын пикирин, көз карашын жокко чыгаруу үчүн сөзсүз эле өз каршылаштарын келекелеген, шылдаңдаган ыкмаларды колдонуу керекпи? Адамдын ариетине асылып, каралоонун өзү пастык эмеспи.

Өздөрүн улуу элдин урпагы санаган улутчулдар анчалык эле маданияттуу, ыймандуу, нарктуу экен, башкаларыбыз жаагыбызды жаап эле жым бололу, бирок глобализация агымына, жаңы көрүнүш, жаңы түшүнүктөргө толеранттуу караган прогрессчил көз карашты тутунган кыргыз урпактарын келекелеп, шылдыңга алуу улутчулдардын маданияттуулугубу же наадандыгыбы?! Дегеле адамды жерден алып көргө ыргыткан шылдыңды улуттук нарк, адеп-ахлак дегенге болобу? Ошентип нарктуу элдин урпагы болгонуң курусун... Полемика, плюрализмден кол жууган улутчулдуктун кимге кереги бар?

Албетте, бир тарабы – прогрессчил, бир тарабы – регрессчил көз караштагы коомдор атамзамандан болуп келген жана боло берет. Арийне, кыргыз коомундагы бул көрүнүшү туңгуюкка алып баратканын көрүп-билип, туюп туруп, кантип сөз кылбай коюуга мүмкүн?..

Улутту бетке кармагандардын эмоциядан бөлөк куралы жокпу?

Регрессчил топтордун мынчалык арбын экендиги эмнеден көрүндү жана ал эмнеден кабар берет? Көркөм сүрөт музейиндеги феминнале көрсөтмөсүнөн соң экс-президент Роза Отунбаеванын урбанизация боюнча ачуу чындыкты айтканына – канчалаган улутчул жана динчил топтордун оозунан ак ит кирип, кара ит чыкпады! Аргументи жогунан карманган куралы бир гана эмоция менен заар тили экенин көрдүк.

Эмоция эпкини менен экс-президенттин башынан ылдый жугунду куйган 2010-жылы өлкө тагдыры устара мизинде турганда Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калууга умтулган Роза Отунбаеванын зор эмгегин эмнеге эстешкен жок?

Улуттар аралык жаңжалды басууда биринчи кезекте кишинин эл аралык аброю да эң чоң роль ойногонун жашырууга болбойт го.

Экс-президенттин эмгегин азыркы муун таназарга албаса да, келечек муун жана эл аралык коомчулук көз жума албайт! Элге эр-азамат көрүнгөн саясатчы мырзалар ич ара тытышып турган мезгилдеги Роза Отунбаеванын саясий ишмердиги, дүйнөлүк дипломатиядагы оор салмактуу орду болгону үчүн тар жол, тайгак кечүүдөгү Кыргызстандын тарыхы бүлгүнгө учурабай калганына калыс баа берүүгө кантип акыл парасатыбыз жетпейт?

Аныгында, Отунбаеванын урбанизация боюнча көтөргөн маселесине анчалык эмоциялуу чуу чыгарууга негиз жок эле. Болгону, жылаңач чындыкты оозанганы болбосо, анын сөзүндө жалпы улуттун көйгөйүнө мүнөздүү – шаарлашып, отурукташуу маданиятынан артта калып жатканыбыз гана айтылат. Тек, өксүк комплексинен арылбаган улутчулдар муну кемсинтүү, басынтуу иретинде кабыл алышты да, тоодон түшүп келгендей өктөмдүк, корс-корс мүнөз менен кордоп, шылдыңга алууга жол бергенин – улуттук ариет-намысты коргоо деп түшүнүүгө болобу?! Кайсы нарк-насилге жарашат мындай жосун?!

Чындап келгенде биздин ата-бабалар шаар дөөлөтүн курду беле деги? Борбор калаабыз 1926-жылы гана Фрунзе аталышына ээ болгону белгилүү. Мындайча айтканда, кыргыз урпагы шаарлашып, отурукташканына бир кылымдын да жүзү боло элек. Ошол себептен буга чейин деле өзүн нукура кыргыз эсептегени деле шаарда өсүп-чоңойгондорду “киргиз” деп жерип келгени, ошол “киргиздер” да өлкө үчүн эбегейсиз эмгек өтөгөнүн назарга илбей келгени жалганбы?

Андыктан урбанизация маселеси курч экенин эске албаган улутчулдар менен динчилдердин Отунбаеванын сөзүнө чычалай тургандай жүйөсү барбы?

Алардын болгон аргументтери ушул – балээнин баары Батыштан келүүдө. Анын башатында тургандардын бири – Отунбаева имиш. Эй, айланайындар, мурундан алысты көрбөй аткан болсоңор, ушунун өзү урбанизация, глобализациянын кагылышы!

Улутчул жана диний топтор уурулукту колдойбу?

Ыраматылык кайран көсөм, кайран устат Салижан Жигитовдун бир кебине карсылдап күлөр элек. Бүгүн да карсылдап күлүп алчу жердебиз. Ал киши айтып калчу: “Колунан эч нерсе келбегендин баары улутчул болушат”. Мындан таамай сөз, таамай чындыкты чукуп таппайсың. Аны турмуш чындыгынан көрүп атырбыз. Улутчулдар бүгүн “Раим Матраимовдон колуңарды тарткыла!” деп да чыгышты. "Кырк чоро" имиш алар. Күлөсүң да, аргасыз күйөсүң...

Алардын логикасына таянсак, матраимовдордун мүлкүн казып чыгууга Америка кызыкдар экен. “Азаттык” кыргыз элине кыянаттык издеген медиа борбор болгону үчүн Кыргызстандагы коррупцияны казып чыгып аткан имиш. Андай болсо мамлекеттик телеканалдарыбыздан талап кылбайлыбы, коррупциянын жүзүн ача турган иликтөөлөрдү силер жүргүзгүлө, “Азаттыктын” чындыгына күнүбүз түшкүлүк кылбасын деп.

"Батыштын тыңчысы" деген бул СССРден калган коркунуч мурасы десек болот. Кан-жаныбызга сиңип калган рефлекс. Тоталитардык идеологияга аң-сезими уугуп калгандардын көбү бүгүн ыпластыктын баарын, коркунучтун баарын Батыш менен Америкадан көрөт. Кудум совет мезгилиндеги үрөй учурган саясаттын уландысын көрүп жатабыз. Ал жактын "бузуку саясатын" жайылтууга кызыкдар күчтөр арабызда жүрөт имиш. Аргумент болбосоң коё кал. Мындай аргументтердин алдында СССР заманындагы КГБ чекисттеринин ишмердиги шоона эшпей калды.

Алкынган “Ак жолчулар”

Глобализация шарында бизге бир гана Батыш же Американын таасири тийип аткан жок. Биягыбызда Кытай эшек базарын пайда кылса, тиягыбызда Араб өлкөлөрүнүн таасири күчөп, караламан көпчүлүктүн арасында чала молдолор толо. Робот таксырлардын таасиринен чыкпаган диний фанаттар намазга жыгылбаган кыргызды көрсө эле теңирчи деп ызырына баштаган заманга жеттик.

Айтор, туш тарабыбыздан коргоно турган чамабыз жок туруп, кокуйлай бергендин да чеги болушу керек го. Дүйнөлүк коомчулуктун таасиринен коргонобуз деп жер сабагандын өзү – регресс. Мына ошол артка тарткан күчтөр улутчул-диний топтордун аралашмасы экенин соңку окуялар көрсөтүп койду.

Көркөм сүрөт музейиндеги зордук-зомбулукка каршы уюшулган феминнале көрсөтмөсүндөгү жылаңач кыздын денеси – руханий дүйнөсү жылаңачтардын беткаптарын сыйрып кетти. Ага каршылык иретинде башыңа элечек кийип, чапан жамынып, көчөгө чыгып коюу менен эле цивилизация агымына туруштук берүү мүмкүн эмес. Мунун өзү чапаныңдын этеги менен автоматтын оозунан бүркүлгөн окту тоскондой кеп. Чапан, элечек, ак калпак кийип чыкканың эле сенин нарктуу эл, байыркы калк экениңди көрсөткөн далил эмес.

Саясат айдыңында такымын жеп бүткөн Курманбек Бакиевдин заманындагы “Ак жол” партиясынан чыккандардын айрымдары Отунбаева Батыштын гранты менен агартуу ишин жүргүзүп келатканынан чочулайт экен, андай болсо эмнеге өздөрү жанынан бир тыйын чыгарып, элди маданий-агартуу ишине каражат жумшабайт? Жумшаса, шайлоодо жеңишке жетүү максатында саясий күрөш үчүн эбегейсиз акча коротсо короткон чыгаар, эзели жалпы улутка жарыгы тийер эмне эмгек кылышты экен?

Ошол эле улутту бетке карманган айрым “ак жолчулардын” күпүлдөй турган кезиби азыр? Кана ошолордун четтен грант таап келүүгө жарамдуу иштери? Алар жалаң ички саясатта чаң салып жүргөнү гана болбосо, кайсы эл аралык коомчулук менен Отунбаевадай теңата кызматташтык жүргүздү?

Эми ошолор бугуп жатып, мөртү келгенде экс-президент менен Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүн элге суук тумшук көрсөткөнгө жан үрөй баштады. Менимче, мунун өзү бакиевчил күчтөрдүн 2010-жылдагы тарыхый кеги...Оңтою келгенде ошол ич күптүсүн айтып, элдин башын айландырып жатышат.

Алардын көздөгөнү эле – демократия баалуулугун жайылткан күчтөрдү карапайым элге мокочо көрсөтүп, улуттук баалуулук деген түшүнүктөрдү бетке кармануу менен кийинки шайлоодо мөрөйгө жетүү.

Олжобай ШАКИР, жазуучу, публицист

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (39)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG