Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 11-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 21:31

Министр «чоролордун» жана нааразылардын талабын укту


Өздөрүн мекенчилбиз деп атагандардын маданият, маалымат жана туризм министри менен жолугушуусу. (Сүрөт "Кактус медиа" сайтынын видеосунан алынды).

Бишкекте үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы ачылган көргөзмө коомчулуктун сынынан кийин жабылды. Нааразылар көргөзмөнүн уюштуруучуларын аялдардын денесин көрсөтүп, ич кийимдерди илгени үчүн айыпташууда.

Буга байланыштуу Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин жетекчиси иштен кетүүгө арыз жазды. Феминналенин уюштуруучулары болсо өз аракетин зомбулукка каршы протест катары түшүндүрүштү.

Өздөрүн мекенчил атаган топтун нааразылыгы адеп социалдык тармакта от алды. Андан кийин алар 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигине барышты. Жаалдангандарды министр Азамат Жаманкулов өзү кабыл алып, талаптарын укту.

Бул жолугушуудан көп өтпөй аталган министрлик искусство үйүндө жылаңач денесин көрсөткөн кыздардын болушун сындаган билдирүү таратты. Анда музейдин жетекчиси иш-чараны макулдашпай өткөргөнү айтылган.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов мына ушул себептен улам музейдин жетекчиси иштен кетүүгө арыз жазганын чогулгандарга билдирди:

- Сүрөт музейиндеги иш-чара боюнча комиссия түзүлүп, эки күндөн бери ишти иликтешти. Ошондон кийин музейдин директору Мира Жангарачева Камилевна жоопкерчилигин түшүнүп, кызматтан кетүү боюнча арызын жазып берип, мен ага кол койдум, - деди Азамат Жаманкулов.

Бирок Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Мира Жангарачева министрлик айткандай күнөөлүү болгону үчүн эмес, коопсуздуктан улам иштен кеткенин белгиледи.

Мира Жангарачева.
Мира Жангарачева.

- Мен кызматкерлерим менен уюштуруучулардын коопсуздугунан корком. Мен өзүмдү күнөөлүүмүн деп эсептегендиктен эмес, абалды курчутпаш үчүн арыз жаздым. Уюштуруучулар мага «жылаңач аял болот, ич кийимдерди илебиз» деп айтышкан эмес. Жылаңач аялды сайттан көрдүм. Ал эми ич кийимдерди биринчи күнү эле алдырганбыз. Мен музейде директор болуп беш ай иштедим. Маданият министри мага аябай жардам берди. Мен «министрге кошумча маселе жаралбасын, мен кызматтан кетсем эле тынчып калышса анда кетем» деп арыз жаздым, - деди Жангарачева.

Ал коомдо үрөй учурган окуялар болуп жатканда мындай иш-чараларды өткөрүү маанилүү экенин белгилеп, аялдардын жана балдардын укугун коргогондорго тилектеш экенин жашырбады.

Мира Жангарачеванын иштен алынышын коомчулук ар түрдүү кабыл алды. Бир даары "нарк-насилге каршы иштегени үчүн жазасын алды" деп табаласа, айрымдары "маданият министри бир ууч топтун ою үчүн тажрыйбалуу кадрды иштен кетирбеши керек эле" дешүүдө.

Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Кырдаалга байланыштуу мурдагы президент Роза Отунбаева билдирүү таратып, маданият, маалымат жана туризм министринин чечимин сынга алды:

- Социалдык тармактарда салттуу адеп-ахлактын жана баалуулуктардын коргоочулары дуулдашты. Жаш министр териштирип, жыйынтык чыгаруунун ордуна тайсалдап, көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачеваны кызматтан алды. Мырзалар, токтогула! Балким силерде административдик күч бардыр, бирок коомдун жана аялдардын тилектештиги деген пикир да бар. Көргөзмө аялдардын маселесине, аларга карата зомбулукка арналган. Маданият министрлиги аялдардын көйгөйүн чечүүдө эмне иш аткарды?, – деген Отунбаева өкмөттү үй-бүлөлүк зомбулукка көңүл бурууга чакырды.

Нурмухаммед Жумабековдун "Фейсбукка" жазган пикири.
Нурмухаммед Жумабековдун "Фейсбукка" жазган пикири.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Алтын Капалова болсо музейдин жетекчилиги көргөзмөдө жылаңач кыздар болорун билбегенин айтууда. Ал министрликтин билдирүүсүнө мындайча жооп узатты:

Алтын Капалова.
Алтын Капалова.

- Министрлик «чечинген аял менен кыргыз аялдарынын экономикалык байланышы жок» деп билдирди. Байланышы бар. Аял өз денесин өзү көзөмөлдөгүсү келип жатат. Андан тышкары аялдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулукка да түздөн-түз байланышы бар. Мындай иш-чаралар дүйнө жүзүндөгү музейлерде да өтүп келет.

Алтын Капалованын "Фейсбукка" жазган пикири.
Алтын Капалованын "Фейсбукка" жазган пикири.

Иш-чара өткөн күнү даниялык сүрөтчү элдин алдына жылаңач чыгып, бирок толугу менен кайра баштан кийинген. Муну уюштуруучулар аялдардын сексуалдык кулчулукка кабылышына, эркектердин суроо-талабы менен стриптиз бийлешине каршылык катары түшүндүргөн. Аялдын денесине окшош кум толтурулган кап аркылуу күйөөдөн таяк жеген аялдардын образы берилсе, ич кийим аркылуу бойдон алдыруу укугу чагылдырылган.

Бирок өздөрүн мекенчил деп эсептеген адамдар бул көрүнүштөрдү улуттук каада-салтка каршы чагым катары сыпатташууда. Нааразы болгондордун бири, журналист Канышай Мамыркулова мындай деди:

Канышай Мамыркулова.
Канышай Мамыркулова.

- Мен диний радикалдык көз карашын таңуулагандарга да, жападан жалгыз сүрөт музейине аялдын ич кийимин илгендерге да каршымын. Демократиялуу мамлекетте жашап жатканыбыз анык. Бирок бул диний чөйрөдө жүргөн же ич кийим илген адамдардын тобунун укугун улуттук маданияттын, улуттук баалуулуктун так чекесине коюп ал дегенди билдирбейт. Мен ар дайым дин өкүлдөрүнүн же башкалардын укугун таанууга чакырып келем. Бирок дин өкүлдөрү үч-төрт аял алып, оронуп-чулганганын койсун. Ошол эле мезгилде Батышты көргөн, "дүйнө таанымы кенендер" да улуттук каада-салтты аттап кетишпесин деген ой. Даниядан келген сүрөтчү экономикалык-социалдык жагдайларды кандай көрсө, аны ич кийимин далдаа жерге жерге жайган кыргызга таңуулабашы керек. Заманбап искусствонун түрлөрү бар. Бирок ошону таптакыр энеден туума көргөзбөй бир кат чүпүрөк жамынып алса деле мынчалыкка жетпейт элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова феминналени сындаган пикири.
Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова феминналени сындаган пикири.

Ал эми “Психикалык саламаттык жана коом” бирикмесинин жетекчиси Бурул Макенбаева Мира Жангарачеваны кызматтан кетирүү менен мамлекет калыстыктан тайып, кош стандарттуу саясатка жол берди деген пикирде.

Бурул Макенбаева.
Бурул Макенбаева.

- Буга чейин айрым "патриоттор" Москвада жүргөн кыздарды жылаңачтап, видеого тартып, социалдык тармактарга маскаралап чыгарган. Ошондо мамлекет эмнеге ушундай реакция кылган эмес? Ошол кыздарды сабагандарды таптыбы, тапса эмнеге ачык айтпайт? Эмнеге аларды жазалабайт? Эмнеге эркектер аялдарды күчкө салып жылаңачтаса унчукпайбыз да, аял өз эрки менен кийимин чечсе ачууланабыз? Экинчиден, "эмнеге мамлекеттик имаратта ушундай болду?" деп жаалданып жатышат. Мен ошол адамдарга "мамлекетке караштуу милиция бөлүмүндө Бурулайды өлтүргөндө кайда элеңер?" деп суроо бергим келет. Эмнеге анда ички иштер министрине барып, анын отставкасын талап кылышкан эмес? Албетте, денени ачык көргөзүү бирөөгө жагат, бирөөгө жакпайт. Бирок буга мамлекет салмактуу реакция кылышы керек эле. Музейдин жетекчиси коопсуздук үчүн арыз жазса, министр кол коюп жатат. Муну менен мамлекет коопсуздукту камсыз кыла албайбыз дегенди ишара кылды.

“Роза Отунбаеванын демилгелери" фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева көргөзмөгө болгон реакцияга коомдогу маданияттын, билимдин төмөндөп кеткени катары баа берди. Ал искусство миң кырлуу болорун, бирок кыргыз коомчулугунда аны түшүнгөндөр аз болуп жатканын эске салды.

Догдургүл Кендирбаева.
Догдургүл Кендирбаева.

- Перфоманс - бул кайсы бир кырдаалга каршылык билдирүү, элди шок кылуу деген маанини алып жүрөт. Даниялык сүрөтчүнүн перфомансы чындап эле ошондой реакция жаратты. Бирок аны көпчүлүк түшүнгөн жок. Кыргыздын чыгаандары, интеллигенция өкүлдөрү деле үн катпай, көпчүлүгү "улуттук баалуулукка каршы" деп жатышат. Эки тарапты тең туура түшүнүү керек. Биздеги ата-эненин жана коомчулуктун бала тарбиялоо жоопкерчилиги каралбаганы үчүн “кырк чоролор” же улутчулдар дейбизби түшүнгөнүн, көргөн-өскөнүн айтып жатат. Бул адат дагы улана бериши мүмкүн. Ошон үчүн кеч боло электе классикалык жана улуттук каада-салтты айкалыштыруу ишин күчөтүү зарыл. Кыргызстан креативдүү индустрияны өнүктүргүсү келсе, жер-жерлердеги музейлерде живопись, перфоманс, балет же вокал эмне экенин түшүндүргөн иш-чараларды башташы зарыл. Жаш муундарга критикалык ой жүгүртүүнү, талдоону окутуу керек. Экинчиден, уюштуруучулар иш-чараны өткөрүү алдында ошол коомду кылдат изилдеши керек эле. Коом даяр болбогону үчүн ушундай реакция болду. Мындай өзгөчө иш-чараны улуттук музейде эмес, Асанбай борборунда деле өткөрүшсө болмок.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги феминнале 27-ноябрда ачылган. Иш-чара 2016-жылы Москвадагы өрттө каза болгон 17 кыргыз кыз-келиндин элесине арналып, ага 22 өлкөдөн 50дөн ашуун сүрөтчүнүн эмгектери коюлган. Заманбап искусство менен коштолгон көргөзмө 16 күнгө созулмак.

"Азаттыктын" архиви: Бишкекте өткөн феминналенин ачылышы тууралуу видео баян. 27-ноябрь, 2019-жыл

Аялдар тарткан азап көргөзмөдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:05 0:00

Серепчилер Кыргызстанда үй-бүлөлүк чыр-чатак ар бир үчүнчү үйдө кездешерин белгилешип, андан айрыкча аялдар, балдар жабыр тартарын айтып келишет. Соңку жылдардагы маалыматтарга караганда, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын 95% аялдар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (50)

XS
SM
MD
LG