Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Феминналенин уюштуруучусу сын-дооматтарга жооп берди


Сүрөт музейи.
Сүрөт музейи.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги феминналенин уюштуруучусу Алтын Капалова коомчулукта айтылып жаткан сын-пикирлерге жана иш-чара боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин билдирүүсүнө жооп берди.

- Министрлик «чечинген аял менен кыргыз аялдарынын экономикалык байланышы жок» деп билдирди. Байланышы бар. Аял өз денесин өзү көзөмөлдөгүсү келип жатат. Андан тышкары аялдарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулукка да түздөн-түз байланышы бар. Мындай иш-чаралар дүйнө жүзүндөгү музейлерде да өтүп келет, - деди Капалова.

Ал феминналеде жылаңач кыздар болорун музейдин мурдагы директору Мира Жангарачева билбегенин кошумчалады.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги иш-чарага каршы болгон жарандык активисттер 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгып, Мира Жангарачеванын кызматтан кетишин, премьер-министр маданият, маалымат жана туризм министрине сөгүш беришин жана музейде болуп жаткан феминналенин токтотулушун талап кылышты. Министр Азамат Жаманкулов аларды кабыл алып, музейдин директору Жангарачева берген арызына байланыштуу кызматтан алынганын жарыялады.

Мунун алдында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көркөм сүрөт музейинде денесин көрсөткөн кыздар да катышкан иш-чарага каршы экенин, аялдардын укугун коргоону максат кылган бул көргөзмө министрлик менен кеңешилбей уюштурулганын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG