Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:01

Кыргызстанда адам укуктарына арналган 16 күндүк «Зомбулуксуз жашоо» өнөктүгү башталды


Зомбулук көргөн аялдарга арналган иллюстрация. Автору - Татьяна Зеленская.
Зомбулук көргөн аялдарга арналган иллюстрация. Автору - Татьяна Зеленская.

25-ноябрь - Аялдарга карата зомбулукка каршы эл аралык күндөн тартып, «Зомбулуксуз жашоо» деп аталган 16 күндүк өнөктүк ишин баштады. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекованын 26-ноябрда журналисттерге билдиргени боюнча өнөктүк ялдарга, кыздарга каршы жасалган зомбулуктун алдын алууга жана аны жоюуга багытталган.

Жыл сайын жүргүзүлүүчү глобалдык акция 10-декабрда, Адам укуктарынын эл аралык күнүндө жыйынтыкталат.

16 күндүк акция коомчулукта зордук-зомбулукка көз жуумп койгон адатты жоюуга жана басмырлоонун бардык түрлөрүн токтотуу боюнча бирдиктүү аракеттерди күчөтүүгө багытталган.

Маалыматтарга караганда, быйыл Кыргызстанда биргелешкен акция үч багытта иштейт:

- Зыяндуу тажрыйбаны жана гендердик зомбулукту бекемдөөчү социалдык ченемдерди өзгөртүш үчүн «унчукпоо» маданиятын жокко чыгаруу;

- Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кайдыгер болбош үчүн кризистик борборлордун жана ишеним телефондорунун ишин күчөтүү. Айрыкча пандемия учурунда бул борборлорго муктаждык күчөгөнү байкалды;

- Аялдардын чечим кабыл алууга катышуусун күчөтүү. Бул үчүн жалпы гендерлик теңчилик маселесине арналган маалыматтарды көбөйтүү зарыл.

Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук иштеринин 70% тараптардын келишип алышы менен токтогон. БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жүргүзгөн иликтөөлөрдө 2019-жылы тогуз айда «Зордуктоо» беренеси боюнча 269 иш сотко чейинки териштирүүгө алынса, 200ү сотко жетпей токтотулган, 17 иш гана сотко жеткен. 54 иш «Жашы жете электерге жыныстык ыдык көрсөтүү» беренеси менен катталган. Ошондой эле «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен катталган иштин 70% сотко жетпей токтотулган.

ИИМдин маалыматы боюнча 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу беш миңден ашуун факт катталган. 580 иш сотко чейинки териштирүүгө алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG