Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Кыргызстанда англис тилине расмий макам ыйгаруу тууралуу сунуш талаш жаратты


Максат Чакиев.
Максат Чакиев.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешменин 26-ноябрдагы жыйынында Кыргызстанда экинчи расмий тил катары англис тилин киргизүү тууралуу сунуш талкуу жаратты.

Кеңешменин мүчөсү, жарандык активист Максат Чакиев орус тили аркылуу Кыргызстан ондон ашуун мамлекет менен кенен сүйлөшүп, карым-катнаш түзүп жатканын белгилеп, экинчи расмий тил катары англис тили кирсе жүздөн көп өнүккөн өлкө менен кызматташууга жол ачыларын айтты:

«Дүйнөлүк масштабда жүздөн ашуун, өзгөчө өнүккөн мамлекеттерде англис тили кенен колдонулат. Азыр заманбап технологияларга, дүйнөлүк процесстерге аралашалы десек протоколго англис тилин экинчи расмий тил катары киргизүүнү карап көрсүн деген тапшырманы берип койсоңуздар».

Бул сунушка Кыргыз мамлекеттик университетинин Манас таануу жана лингвистика институтунун директору, профессор Сыртбай Мусаев каршы чыгып, мындай маселени талкуулоону абсурд деп атады:

«Бул маселени сунуш кылуунун өзү абсурд. Анда расмий тил деп кытай тилин да, англис тилин да жазалы, араб, немис тилдерин жазалы. Акылга сыйбаган жорук! Билем, жакшы болсун деп жатабыз, тилегибиз жана максатыбыз бир. Тилекке жетиш үчүн улуттун кызыкчылыгын курмандыкка чалбаш керек. Максатка жетиш үчүн улутту бөлөктөрдүн алдына басып бербеш керек».

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга 17-ноябрда чыгарды. Аны талкуулаш үчүн Конституциялык кеңешме түзүлгөн.

Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий тил деген макамга ээ. (RK)

XS
SM
MD
LG