Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

Евробиримдик гендердик саясат боюнча жаңы план иштеп чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдиги (ЕБ) өнөктөш өлкөлөрдө гендердик теңчиликти калыптандыруу аракетин мындан ары да улантуу боюнча жаңы план иштеп чыкты. Бул тууралуу 26-ноябрда уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

ЕБ 2025-жылга карата тышкы саясий ишмердүүлүгүнүн 85% ушул маселеге арнап, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багыттай турганын билдирди.

Уюмдун пикиринде, жетишилген прогресске карабастан гендердик теңсиздик аялдарга тоскоолдук жаратып, аларды негизги укуктардан жана мүмкүнчүлүктөрдөн ажыратууда.

2014-2020-жылдары ЕБ Кыргызстанга жалпысынан 263 миллион евролук колдоо көрсөттү.

Укук коргоочулардын айтымында, быйыл пандемия учурунда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйдү.

Кыргызстан менен ЕБ ортосундагы кызматташтык 1999-жылы башталган. (RK)

XS
SM
MD
LG