Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:02

Токмок: Зордуктоого шектүү өгөй ата эки айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Токмок шаарында өгөй кызын зордуктоого шектүү адам эки айга тергөө абагына камалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» 25-декабрда Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кылмышка шектүүнүн бөгөт чарасын сот 23-декабрда карады.

15 жаштагы кызды өгөй атасы зордуктап жүргөнү жакында ачыкка чыккан. Кыз Токмок шаардык социалдык өнүктүрүү кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Милиция материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 161-беренеси («Зордуктоо») менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталганын маалымдаган.

Өткөн аптада Тоң районунда 13 жаштагы секелектин зордукталышы боюнча айыптуу үч адамдын экөө акталып чыкканы коомчулукту нааразы кылган.

Быйыл 8-мартта Бишкектин Жеңиш аянтында кыз-келиндердин укуктарын коргоо, зомбулукка кабылган кыздардын маселесин көтөрүү максатында уюштурулган митингдин катышуучуларына кол салуу болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG