Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Сузакта агасынан балалуу болгон секелек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сузакта 15 жаштагы кыз көз жарганы боюнча иликтөө жүрүп жатат. Буга байланыштуу анын бир тууган агасы эки айга камакка алынды.

15 жаштагы окуучу 16-июлда Жалал-Абад шаарындагы төрөтканада көз жарган. Жакындары секелек кош бойлуу эмес, жөн гана сокур ичегиси ооруп жатканын айтып, ооруканага алып келишкен. Секелек толгоо тартып жатканын төрөтканага келип билген.

Сузак райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын адиси Гүлнур Омошева буларды айтып берди:

«Окуя 2019-жылдын октябрь айында болгон. Ошондон бери өспүрүм боюна бүткөнүн билбей жүргөн. 16-июлда толгоо тартканда агасы «сокур ичегиси ооруп жатат» деп ооруканага алып жөнөгөн. Сузактагы Октябрь аймактык ооруканасы кабыл албай койгон соң, шаардагы төрөт үйүнө жеткирилген. Секелек качан гана ооруканага келгенде толгоо тартып жатканын билип, салмагы 3 кило баланы төрөгөн. Азыр эне-баланын ден соолугу жакшы, бирок каны бир болгондуктан саламаттыгында маселе жаралышы мүмкүн. Учурда кызды, баласын таежеси карап жатат. Эне баласынан баш тартты. Жарым жыл социалдык кызматкерлер карап турушат».

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин натыйжасында шектүү катары секелектин 20 жаштагы бир тууган агасы кармалды. Ал мас абалында ушул ишке барганын, бойго бүткөн карындашынын абалын билбегенин айткан.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Нурдин Жээнтаев.
Нурдин Жээнтаев.

«Бул окуя боюнча топтолгон материалды Сузак райондук ички иштер бөлүмү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 164-беренеси («16 жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер») менен каттап, сотко чейинки тергөө башталган. Сузак райондук сотунун чечими менен шектүү эки айга камакка алынды. Учурда сотко чейинки тергөөнүн алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат».

Бул үй-бүлө Сузак районунун Жоон-Күңгөй айылында жашайт. Секелек кыз 8 бир туугандын бешинчиси. Апасы эки жылдан бери Орусияда иштеп жүрөт, балдарды атасы карайт. Үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдөн баш тартышты.

Көз жарган секелек Жоон-Күңгөй айылындагы №28 Т. Кочкоров атындагы мектептин 9-классынын окуучусу, эгиздердин түгөйү. Сабактарды калтырбай окуган окуучулардын бири.

Кыргызстанда никеге тургандардын 12 пайызын жашы жете электер түзөт. «Каниет» кризистик реабилитациялык борборунун жетекчиси Гүлмайрам Аттокурова аялдар тең укуктуу болбогон коомдо аларга карата зомбулук күчөй берерин айтты.

Гүлмайрам Аттокурова.
Гүлмайрам Аттокурова.

«Бул биздин коом үчүн өтө өкүнүчтүү окуя. Биз билип-көрүп тургандай Кыргызстанда кыз-келиндерге зордук-зомбулук күч алып жатат. Гендердик тең укуктуулукту көпчүлүгү түшүнбөй, бир топ жашоочулар гендердик стереотипте жашап келатышат. Биздин борбор бардык күч-аракетибиз менен кызга реабилитациялык жардам, укуктук, психологиялык жактан колдоо көрсөтөбүз. Мындай жагдайда коомчулук кызды көп күнөөлөшөт. Тескерисинче, биз кызга ар тараптуу колдоо көрсөтүшүбүз керек».

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы 13-17 жаштагы 552 өспүрүм көз жарды. Бул 2017-жылга караганда 60 кишиге көп. Былтыр Аксы, Ысык-Ата райондорунда 9-класстын эки окуучусу, Каракол шаарында 8-класстын окуучусу төрөгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG