Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Иранда секелек энелер көбөйдү


Иранда өспүрүм куракта турмуш куруу мыйзамдуу.
Иранда өспүрүм куракта турмуш куруу мыйзамдуу.

Былтыр Ирандын бир эле провинциясында жашы 15ке жетпеген 40тан ашык өспүрүм кыз көз жарган. Иран Ислам Республикасынын мыйзамдары жашы жете электердин турмуш куруусуна уруксат берет.

Аялдардын укуктары басмырланган өлкө катары таанылган Ирандын Хамадан провинциясында расмий маалымат боюнча көз жарган аялдардын 2% жашы 15ке жете электер түзөт. Аймактын жарандык актыларды каттоо кызматынын маалыматы боюнча былтыр жашы жете элек 16 миңге жакын кыз турмушка чыккан.

Тегеран 1992-жылы Адам укуктары боюнча эл аралык конвенцияга кол койгону менен, Иранда жашы жете элек кыздардын турмушка чыгышы кадыресе көрүнүш. Ирандын мыйзамдары эркектерге 15 жашында, кыздарга ата-энесинин макулдугу жана соттун чечими менен 13 жашында күйөөгө чыгууга уруксат берет.

Социолог Хусейн Гозиён «Азаттыктын» «Фарда» кызматы менен болгон маегинде кыздардын эрте турмуш курганын элдин жашоо тиричилигине байланыштырды:

Иранда никелешип жаткандар.
Иранда никелешип жаткандар.

«Жакырчылыкка белчесинен баткан үй-бүлөлөр кыздарын күйөөгө берип, аны багуудан кутулгусу келет. Бирок ошол эле учурда эрте никеге туруу орто жашаган үй-бүлөлөрдө да кезигет. Анткени ирандык үй-бүлөлөр кыздары күйөөгө тийбей калат деп чочулашат. Диний ишеним менен салттардан улам да ушундай түшүнүк калыптанып калган».

Рамий маалыматка ылайык, былтыр Иранда жашы жете электер арасында 36 миң нике катталган. Бирок бул ачык маалымат берген провинциялардын гана статистикасы. Маселен, Занжондо 1400дөн, Түндүк Хорасан провинциясында 1000ден ашык кыз жашы жете электе эле үй-бүлөлүк турмушка аттанган.

Иран бийлиги жашы жете электердин арасындагы никеге туруу көрүнүшүн ачыкка чыгарып, аны тааныгысы келбейт. Былтыр айрым депутаттар никеге туруу курагы жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилге көтөрүп чыгып, бирок дин аалымдарынын каршылыгынан улам ал ишке ашкан эмес. Жашы жете электердин никеге турушуна бөгөт коюу Иран парламенти - Мажлисте ошондон бери көтөрүлгөн эмес.

Укук коргоочулардын айтымында, эрте турмушка чыккан кыздардын көбү зордук-зомбулукка дуушар болуп, аргасыздан үй-бүлө күтүүгө мажбур. Буга былтыр кызуу талкууга түшкөн 11 жаштагы Рахинин окуясы мисал. Анда 50 жаштагы аялы, жети баласы бар адам өспүрүм кызга нике кыюу үчүн анын ата-энесине 1500 доллар берген.

Кийинки жылдары ирандык кыз-келиндер өз укуктарын коргоп нааразылык акцияларына чыга башташты. Айрым аялдар камалып, камакка алынды.

Өлкөнүн адеп-ахлак полициясы хижаб тартибин сактабагандарга каршы тез-тез рейд жүргүзүп турат. Иранда 1979-жылдагы Ислам революциясынан кийин аялдар шариятка ылайык кийинип, өзүн алып жүрүшү зарыл.

Кыргызстанда да ушундай маселе бар. Өлкөдө өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13% түзөт. Кыргызстанда, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы 13-17 жаштагы 552 өспүрүм көз жарган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG