Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Кыргыз кийиминен кыр издеген идеология


Аида Майдашеванын дизайны боюнча жаш балдар үчүн жасалган кыргыз стилиндеги кийимдер. 2018-жыл.
Аида Майдашеванын дизайны боюнча жаш балдар үчүн жасалган кыргыз стилиндеги кийимдер. 2018-жыл.

Бүгүн кыргыздын оймо-чиймеси салынган кийимди Кыргызстанда чекеден тандап сатып алсаңыз болот. А 1971-жылы кыргыз студенттеринин улуттук орнамент салынган кийимдерди жана зер буюмдарды даңазалоо аракети бийлик тарабынан токтотулган.

Кыргыз оюлары салынган саркеч кийимдерди даңазалоо коомдун бейпилдиги үчүн коркунучтуубу? Бул суроого бүгүн ким да болсо “Жок!” деп жооп берет. Эгер советтик Кыргызстандын эле тарыхына кайрылчу болсок, кыргыздын улуттук оймо-чиймелери салынган ар кандай бычым-фасондогу кийимдерди долбоорлоону укканда уйкусу бузулган же саясый мансабы кыйрайт деп кооптонгон жетекчилер болгонун көрөбүз. Буга 1970-1971-жылдары ал кездеги Фрунзе (бүгүнкү Бишкек шаарындагы) Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайында болгон бир окуя мисал.

Ал окуяга өткөндөн мурда “Ал кезде кыргыз кийимдери кийилчү беле?” деп сурайлы. Бул суроого биз сөз кылчу окуянын каармандарынын бири- Ош мамлекеттик университетинин профессору, искусство таануучу Тамара Кадырбаева мындай деди:

- Мен таң калганым: ошол кезде эч ким кыргыздын улуттук кийимин кийбейт эле. Кимдир бирөө улуттук көйнөк же допу кийсе эле: “Ии, артист көйнөк кийип алыпсың”, – деп, баары эле таң калгансып же шылдыңдагансып... Ал мезгилде советтик адам деген идеологияга кетип атканбыз да...

Мындай ойлосок, ал кезде бардык эле элдердин улуттук костюмдары бар. Мисалы, жыйындарда өзбектерди топусунан тааныса болот. Украин аялдар башына гүлчамбар кийишет. Бир эле кыргыздардын өз кийимдери жок. Биз уялабыз.

Искусство таануучу Тамара Кадырбаева.
Искусство таануучу Тамара Кадырбаева.

Тамара Кадырбаева алыскы 1970-жылы ордолуу шаардагы Көркөм сүрөт окуу жайынын биринчи курсунун студенти эле.

Ушул эле окуу жайдын 3-курсунун студенти, эми эле СССРдин Аскер деңиз флотунда үч жыл кызмат өтөп келген Жыпар Жекшеев өзгөртмөк болот. Улут келечеги, маданияты, кыргыз тилинин тагдыры, кыргыз элин башка калктардан өзгөчөлөткөн маданий жана материалдык дөөлөттөрүн калыбына келтирүүнү ойлонгон 23 жаштагы Жыпар Жекшеевди чөйрөдөн кийим кечеси да айырмалап турган.

- Мен ал кезде кичинекей сетирейген кыз экенмин да. 1-курсту бүтө элекпиз, - деп улантты Тамара Кадырбаева. - Жыпар Жекшеев накта кыргыздын жигити эле. Себеби кара кочкул сукнодон европалык стилде тигилген пиджагы бар. Анын лацкандары жана чөнтөгү кара эле. Ошол жерге (пиджактын лацканына) ак “кыял” деген оймо салынган. Башына кадимки ак жүндөн жасалган кара жээктүү калпак кийген. Калпактын капталында оймосу бар. Калпактын папигинде мончогу барбы, эсимде жок.

Жыпар Жекшеев кыргыздын каада-салтына, тарыхына, маданиятына, тилине болгон кызыгууну жандырууну ойлойт жана бул багыттагы алгачкы кадам улуттук кийимди эл арасында даңазалоодон башталыш керек деп чечет.

- Эң биринчи кийимден баштайбыз дедим. Жаштар: 10 чакты бала жана 10 чакты кыз көчөгө кыргыз кийимдерин кийип чыгышсынчы?! Улуттук калоритти сактоо менен заманбап, ыңгайлуу кийимдерди иштеп чыгалы да, ал күндө кийе турган кийим болсун - жаштарды ойготолу. Анан массалык түрдө кыргыз кийимин тигип берели деген жигит чыкты, “Кыялда” иштеген. Ал сүйүнүп: “Мындайды (демилгени) биринчи көрүп атам. Материалын гана алып берсеңер, калганын бүт бекер тиктирип берем”,-деди. Клавдия Иванова Антипина деген этнографка да кирдим. Себеби кыргыздын чоңдоруна кирсем, Т. Усубалиевге жакшы көрүнөбүз дешип, тез эле мени сатып жиберишти.

Ошондо окуя кандай өнүккөнүн Тамара Кадырбаева мындай эскерди:

- Жыпар Жекшеев бир күнү бизди чогултту. Анан сырдашып маектешип: “Кыргыз костюмун, кыргыздын элдик кийимин жасабайлыбы?”- деп сунуш айтты. Нукура улуттук кийимди иштеп көрөлү деп, арабызда үч-төрт кыз жана эркек балдар да бар. Алты же сегиз бала чогулганбыз. Эсимде, мен көбүнчө кыздардын кийимдерин тарткан элем. Азыр ойлосом тушь, перо, карандаш менен тарткан экенмин. Башында допулары, кыздардын кырк чачы, сөзсүз майда парпирек, чепкени, чапаны, анан казир деп коёбуз түштүктө, а түндүктө чермей, чыптама деп коёт. Бутуна маасы, биз эми чокой дебейбиз го... Колдоруна билериктерди, кулагына сөйкөлөрдү, бойтумарларды тартканмын. Айта берсек, кыла берсек деп, сүрөт окуу жайында окугандан кийин бул парзыбыз болуш керек деп сүйүнүп атабыз да. Анда дизайн деген сөздү анча билбейт элек. Биз ушуларды сунуштасак, аларыбыз өндүрүшкө чыгып калса деп үмүттөнүп жүрөбүз. Ошентип өз алдынча иштерге кароо өткөрүп, кеңешип жүрөбүз да.

Бишкектеги дизайн фестивалындагы кийимдер. 23-декабрь 2014-жыл.
Бишкектеги дизайн фестивалындагы кийимдер. 23-декабрь 2014-жыл.

Студенттердин бул мүдөөсү ишке ашпайт. Эмне үчүн? Көрсө, окуу жайдын директору Сарман Асанбековго жогору жактан - Борбордук комитеттен студенттердин демилгесин тыюу жөнүндө көрсөтмө берилген экен дейт Т. Кадырбаева.

- Ошентип эле бир күнү бизди чакыртып калды директорубуз. Сарман Асанбеков тажрыйбалуу, баарын түшүнгөн ойчул киши эле. “Балдар, ушуну эми бир аз токтотуп турасыңарбы?”,-деп айтып калды. “Эмне үчүн?” деп биз нааразы болуп кеттик. “Мезгил келе элек окшойт, - деди агай. - КГБга чакырып, айтып атат: “Сен эмне үчүн окуу жайыңда улутчулдукту өстүрүп жатасың?” деп. Биз таң калдык. Эмне үчүн улутчулдук? Биз эмне өзүбүздүн улуттук кийимибизди жасай албайбызбы деп аябай ызаландык. Кылайлы десек, окуу жайдан айдалышыбыз керек. Кийин билбейм эмне болду? Себеби жайында мен Ленинградга Репин атындагы институтка искусство факультетине тапшырам деп кеттим.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:20 0:00
Түз линк

Андан кийин эмне болду? Демилгечи Жыпар Жекшеев жасалган эскиздердин мыктыларын тандап алуу үчүн Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинин аудиторияларынын биринде талкуу өткөрмөк болот. Бирок анын алдында тарбия сабагына чакырылат:

- Улуттук кийимдердин эскиздерин аябай көп жасадык да, аларды талкуулап, анан керектүүсүн тандайбыз деп жатканбыз. Азыр факультети жайгашкан болчу. Ошонун бир аудиториясына сабак жок учурда кирип, талкууламак элек. Өзүмчө биринчи кадамды баштаган чечүүчү күн деп жатам. Биздин окуу жайдын директору С. Асанбеков, Керимбеков деген аксакал парторг болчу. Ушинтип жатканда чоңдор мени издеп калышыптыр. Замира деген секретарыбыз бар, улуту өзбек. Ал окуу жайдан мени көрүп эле кыйкырып ийди: "Жекшеев! Кайда жүрөсүң? Сени баары күтүп атат”, - дейт. Директордун кабинетине кирсем, Борбордук комитеттен келгенин айтышты. Менин оюмча, КГБнын эле кишиси болуш керек. Ал, парторг, директор - баары отурушуптур. Мени көргөндө бүт баары тең сүйүнүп кетишти. “Бизди азыр БКга чакыртып жатат. Эшикте ак “Волга” күтүп турат, кеттик”,-деп айтты Сарман Асанбеков.

“Эмнеге чакыртып атыптыр?” десем, агай: “Билбейм. Сен бир чоң жумуш баштап атыпсың. Тияктан айтып атышат. Керек болсо жардам беребиз”,-дейт. Мен сүйүнүп кетпедибимби. КМУнун ректору Табышалиевге алып келишпедиби. Тоголок Молдо менен келип, Фрунзе көчөсүнөн бурулуп кеттик. Ал жерде КГБнын бир кишиси, Табышалиев, Молдобаев үчөө отурган экен. Ал жерден эки саат дискуссия болду. "Мен коммунизмге, ленинизмге каршы эмесмин. Бирок айтылган эмес да: маданият орустуку болот деп. “Жалпы маданият” дегендин ичинде биздин да маданиятыбыз болуш керек да. Кыргыздар да союздун курамында", деп чыктым.

Кыскасы, мени (Кыргызстан КП БКга) алты жолу чакырып, сүйлөштү. БКнын илим бөлүмүнүн башчысы Карыбек Молдобаев эки жолу, БКнын маданият бөлүмүнүн башчысы Жумагүл Нусупова эки жолу. Бир жолу аягында Топчубек Тургуналиев да кабыл алды. "Болбойт, туура эмес кылып атасың”,-дейт. Бизди кайсы жерден жайлады? Арабызда баарын жеткирип турган жансыз бар экен, ал мени менен чогуу окуп жүргөн балдардын бирөө экен.

Бул кезде Кыргызстан КП БКин Турдакун Усубалиев жетектеп жаткан. Ал эми КПСС БКнын Башкатчысы Брежнев улуттук маселе толук чечилип, жаңы советтик адамдардын коому түзүлгөнүн ырасмий жар салган.

Кыргыз кийимдеринин дизайнын иштеп чыгуунун демилгечиси Жыпар Жекшеев.
Кыргыз кийимдеринин дизайнын иштеп чыгуунун демилгечиси Жыпар Жекшеев.

Жыпар Жекшеевдин айтымында, ага ошондон тартып артынан катуу көзөмөл коюлганын жакшы санаалашы Чынар деген бийкеч аркылуу эскертилген экен.

- Менин аркамдан куугунтук башталганын мага эскертишти. Түзүк кишилер бар экен. Кыздардын арасынан Чынара деген кызды сүйүп калдым. Ал да мени жакшы көрүп, оң колум болуп калган да. Анын туугандарынын бирөө чоңдордун арасында иштейт экен. Анткени береги тизмеде Чынаранын фамилиясы жүрөт да. Ошол алыс тууганы Чынарага атайын келип: “Жыпар келечекте Кыргызстанга пайда алып келчү түзүк бала экен. Аны сактап калышыбыз керек. Сен барып айтып кой: эми аркасынан калбыр байланды. Оозун контролдосун. Көрүнгөнгө оюндагысын ачык айтпасын. Бала жөн эле жок болуп кетет” деп айттырыптыр. Биз да Чынар менен жолуга албай калдык. Муну бир жерден күтүп туруп, айтты да мага...

Студент Жекшеев улут саясатында республиканын партиялык жетекчилиги карманган багытка карама каршы келген диссиденттик көз карашы тууралуу туулуп өскөн жери -Түп районун Талды-Суу айылына да кабарланат.

Ошентип, жарым кылымдай мурда Жыпар Жекшеев шыктандырган башындагы жаштардын кыргыздын оймо-чиймелер салынган кийимдерди учур талабына ылайык бычым-фасондо тигип, элге чыгаруу аракетинде басылган. Бүгүн улуттук дизайн менен жасалгаланган кийим менен эч кимди коркута да, таң калтыра да албайсың.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG