Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:10

1980-жылдардын экинчи жарымы - 1990-жылдын башында Кыргызстанда эң белгилүү чет элдик - бул кыпчак тектүү мажар илимпозу, түрколог Иштван Коңур Мандоки болгон десек жаңылыштык болбос.

Иштван Коңур Мандоки (1944-1992) кыргыз, казак жана башка түрк тилдерин, андан тышкары орус, немис, француз жана башка европа тилдерин мыкты билген.

1980-жылдын сентябрь айы. Мурдакы Фрунзе, бүгүнкү Бишкекте жашаган үч адамга алматылык достору - Эрден Кажыбеков телефон чалат. “Венгриядан келген окумуштуу түрколог досубуз Кыргызстанга баратат, эртең автовокзалдан күтүп алып, Фрунзени көрсөтүп койгула. Ал китепке аябай кызыгат. Ошого китеп алганына астейдил көңүл бургула”, - деп ал өтүнөт.

Коңур жактырган Разактын "апартаменти"

Чет элдик конок - түрк элдеринин тилин, маданиятын, этнографиясын изилдеп жүргөн Будапешт университетинин окутуучусу, доктор Иштван Коңур Мандоки эле.

Мажар илимпозун 37 жыл мурда кантип тосушканы жөнүндө бүгүн Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда ишкерлик карым-катнашты чыңдап жаткандардын бири, бишкектик ишкер Разак Сайдилканов минтип эскерди:

Иштван Мандоки Коңурдун кыргыз досу Разак Сайдилканов.
Иштван Мандоки Коңурдун кыргыз досу Разак Сайдилканов.

- Эрден (Кажыбеков) баарын ойлоп жүргөн неме жалгыз эле мага эмес, Кадыралы (Коңкобаев) акеге, биздин Кыргыз мамлекеттик университеттеги агайыбыз Карбоз Дыйкановдун кызы Чолпонго да телефон чалыптыр. Автовокзалга барсам, алар да жүрүшөт. Менде машинем да жок. Коңур Мандоки аялы менен келиптир. Менде эч деле план жок. Чет элдик киши болсо, чет элдик менен мурда мамиле кылбасаң, кандай киши деп ойлойсуң да. Советтик идеологиянын "чет элдиктер көбүнесе өзүн ойлошот, салт-палтка көп карабайт, өзүнүн планы боюнча жүрөт" деген сыяктуу таасири да бар... Коңур Мандоки кыргызча кадимкидей сүйлөйт экен. Өзү ушунчалык жадыраган, адамга жакын, көзүнөн жаш баладай ак ниет киши экени көрүнүп турат. Келгенден баштап эле "китеп алат элем, китеп алыш керек" деп сүйлөп атат...

Ал жерден үч фрунзелик мейманды Карбоз Дыйкановдун үйүнө алып барып, бардыгы конок болушат.

Андан соң шаардагы көзгө тутар "Пишпек" мейманканасына барышат.

- "Пишпек" мейманканасына келип, администратордон орун сурасак, “чет элдиктерге 14 сом” дейт. Шондо Коңурдун аялы Айша: “Мен Советтер Союзунун жаранымын. Орундарды мага каттатып берсеңиз”, - деп сурады. “Жок, күйөөңүз чет элдик болгон үчүн биз анте албайбыз,”, - деди администратор. Карасам, Айша “кымбат” деп тыбырчылап атат. Коңур да сумсайып, нааразыдай, бирок унчуккан жок. Кадыраалы аке да, Чолпон да бар.

Анан мен: “Кечиресиз, Коңур. Мен бир жаман үйдө турам. Үч бөлмө, бирок эч шарт жок. Кааласаң ошол 14 сомго өтө көп китеп аласың. Эгер туура көрсөң, (аялың) экөөң меникине барып жатып алгыла”, -дедим. “Макул”, - деди.

Бул факты - совет өкмөтүнүн ал кезде ырасмий айтылгандай “бир тууган боордош коммунисттик өлкөлөрдүн” жарандарын да идеологиялык жактан коркунучтуу деп эсептегенин айгинелейт.

Иштван Коңур Мандокинин өзүнүн айтымында, славян тектүү Югославия менен Болгария жарандарына СССРге виза алда канча жеңил берилген. Ал эми славян эмес мажарларга виза берүү ар кандай шылтоо менен создуктурулган.

Кан үйүнүн тардыгы ай, кара алачыгымдын кеңдиги ай

Ошол 1980-жылдан кийин Коңур Мандоки Кыргызстанга жыл сайын келчү болот жана Чыңгыз Айтматов баш болгон бүтүн Кыргыз интеллигенциясы менен таанышат. Белгилүү адамдардын үйүнө конокко барат, бирок такай Разак Сайдилкановдун үйүндө түнөйт.

- Кийин мен (Кыргыз Улуттук) Илимдер академиясынан бир бөлмө алып, ошондо туруп калдым. Шондо дагы Коңур түз эле биздин үйгө келет. Аны жатсын деп, бүктөмө керебет (раскладушка) таап келдим. Ашканада идиш жуугуч бар. Коңур идиш жуугучтун астына раскладушканы узунунан салып алып уктайт. Ал айрылып калган, бирок дале сакталуу... Башка бирөөнүн үйүнө барбайт.

Бир жолу Коңур аттуу-баштуу эле аксакал жазуучубуздун үйүнө конокко кеткен. Биздики бир бөлмө үй да: бизде керебет деле жок, диван бар. Балдар жерге жатат. Коңур келбей калды деп жатып алганбыз. Бир маалда эшик шыңгырады. Чыксам конокко чакырган киши Коңурду узатып келиптир. Анча-мынча ичип алышкан. “Кириңиздер“ дедим, алар коридорго кирип турушту. Гүлзураны ойготтум. Балдарды бир жакка жылдырып, столду конок үчүн даярдаш керек да. Тиги киши сурайт: “Эй, Разак. Сенин үйүң канча бөлмө?”. “Бир эле бөлмө", - дедим. “А бул каякка жатат?” - деди ал. Анан Коңур тамашалады: “Жүрүңүз, менин апартаментимди сизге көрсөтөйүн”, - деп. Анда апартамент деген сөздү деле билчү эмеспиз. Коңур ашканадагы раскладушканы көрсөтүп: “Мен бул жерде жатамын”, - деди. Жанагы киши: “Эй, Коңур, сен жиндисиңби? Менин төрт бөлмө үйүмдө жатпай, өзүмдүн үйүмө барам деп жатып, ушу жерге келдиңби? Кызыксың го...” - дегенде Коңур минтип атпайбы: “Эй, байке! Кыргызда макал бар: Кан үйүнүн тардыгы ай, кара алачыгымдын кеңдиги ай. Мен Кыргызстанга келгенде Разактын эшигин аттагам. Бул - менин үйүм. Башка жерге жатпаймын".

Иштван Коңур Мандоки түрк элдеринин салттарын, үрп-адаттарын, макал-лакаптарын мыкты өздөштүргөн жана ыңгайына жараша колдоно билген. Ал жөнүндө сөз кылгандан мурда анын ысымы эмне себептен Коңур деп аталганына токтололу.

“Tapыхты козгобой менин ушинтип (Коңур деп) аталып калышымды түшүндүрүү кыйын. Элдердин улуу конуш оодаруу кезинде бир катар түрк тайпалары, кийин XII кылымда жана XIII кылымда кыпчактардын монголдорго багынбаган бир бөлүгү Мажарстанга конуш оодарат. Алардын урпактары элде Улуу Кыпчак, Кичик Кыпчак деп аталган эки аймакта али күнгө чейин жашайт. Мен Улуу Кыпчак жериндеги Карсак кентинде 1944-жылы дүйнөгө келгенмин.

“Биз кыпчакпыз, биз мажарлардын (мадьяр, б.а. венгр) жоокер, эң бетке (устар) чабар бөлүгүбүз” дегенди кичинекейимден угуп өстүм. Коңур кыпчактардын уулдарына көп колдонулчу эзелки ысымдарынын бири. Ал эми Мандоки деген фамилиям бабаларыбыздын Мандык деген жайлоосунан башат алат. Мажар тилинин үндөштүк (сингармонизм) мыйзамына ылайык, Мандоки болуп кеткен", - деп Иштван Коңур Мандоки өзү 1984-жылы казак гезиттеринин бирине (Мандоки И. Library.kz) курган маегинде түшүндүрөт.

Наалатыңар атаңарга тиет!

Мажар окумуштууларынын жазышынча, мандокилер кыпчактардын ичиндеги жалайыр уруусундагы Кулан деген адамдан тарайт. Коңурдун атасы Мандоки Андраш Улуу Кыпчак жеринин ортолугундагы Карсак кентинин акими, апасы Караш Кочкор Эржебет кесиби боюнча чет тил мугалими болгон. Бирок Эржебетке 1956-жылкы (23-ноябрь-10-октябрь) мажар антикоммунисттик революциясынан кийин мектепте сабак берүүгө тыюу салынат.

Коңурдун түрк тилдерине кызыгуусу ушул көтөрүлүштөн кийин башталат. Бул көтөрүлүш - расмий Москвадан дайындалган мажар өкмөтүнө каршы багытталган. Ошол коогалаңдуу күндөрү советтик аскерлер менен Коңурдун атасы чырлаша кетип, алар Андрашты сабап салышат.

Ошондо атасы советтик жоокерлерге каршы тайманбай сүйлөп, уулуна бейтааныш тилде: “Наалатыңар атаңарга тиет!” - дейт. Кийин уулу атасынан: "Ошондо эмне дедиңиз эле?" деп сураганда, "сенин ата-бабаларыңдын тилинде сүйлөгөм, сен кантсе да ошол тилди тап", - дептир.

Апасы жана атасы коммунисттик бийликтен жапа чеккени Иштван Мандоки Коңурдун психологиясына жана турмушка карата болгон көз карашына олуттуу таасир этип, ошону менен бирге этият болууга да үйрөткөн окшойт. Буга, менимче, Разак Сайдилкановдун мына бул сөзү далил:

- Коңур “Жашасын коммунизм!” деген жазууну көргөндө мага акырын шыбырап: “Коммунизм бар жерде ушул ураан жазылат беле? ” - дечү. Анан экөөбүз каткырып күлүп калчубуз. Анан: “Эч ким укпасын”, - деп койчу. “Жашасын Советтик аялдар! Жашасын тигилер...” - булардын баары жашабаган жерде жазылат. “Сен Европага барып калсаң, мына бу чакырыктар менен ураандарды эч көрбөйсүң", - дечү мага. - “Себеби анын баарына европалыктар жетип алган. Жетпеген жерлерде ушундай чакырыктар болот”. Ушинтип айтып алып, анан: “Саясатты сүйлөшпөйлү ээ!” - деп тамашалап калчу.

Мандоки Андраш ошондой эле 8-классты жаңы гана бүткөн уулуна “Кодекс куманикус” деген баа жеткис (сербаа) китепти беш айлык маянасына - 3000 форинт акчага сатып берет. (Айрым бир маалыматтар боюнча, XIX кылымдын башына чейин бүгүнкү Мажарстандын аймагында өтө сейрек болсо да кыпчак тилинде сүйлөгөн мажарлар болгон. Алар өлкөнүн чыгышында жашаган). Бул, албетте, өспүрүм баланын кыпчак тилине кызыгуусун дагы күчөтөт.

Коңур адегенде Мажарстандын Кунмадараш гарнизонунда кызмат өтөгөн казак жигит менен таанышып, андан казакча сүйлөгөндү үйрөнөт. Ал жердеги кыргыз жана крым татарлардан алардын тилдерин да үйрөнгөнү тууралуу маалыматтар бар. Удаа эле мажарстандык кыпчактардын унутулуп бараткан сөздөрүн чогултуп жүрөт.

1965-жылы ал Болгария, Румыния, Польшага биринчи илимий сапарга барып, болгар түрктөрүнүн, Добруш татарларынын жана карайымдардын тилин үйрөнгөн.

“Тил билүү деген - экинчи бир дүйнөгө ачылган терезе сыяктуу эмеспи. Терезеси көп үйдүн ичи да жарык болот да?! Мен өзүм казак тилинен башка тилдерди атайын үйрөнөйүн деген эмесмин. Илимий иштерге керек болду. Изилдөө зарылдыгынан улам кыргыз, каракалпак, татар, башкорт, өзбек, монгол тилдерин үйрөнүүгө туура келди. Англис, француз, немис, түрк тилдеринде макала жазамын. Орус тилинде эркин сүйлөйм. Кээде мындай кызык да болот. Бухарестке барган сапарымда өзүм байкабай румын тилин үйрөнүп алганмын", - деп Мандоки Коңур өзү эскерген.

Баса, ал студенттик жылдары Jászkunságban илимий журналына жазган макалаларынын айрымдарын Бектур Андрашкент ( Bektur Andrásként) деген ысым менен жарыялаган.

Келин жана кемпирдин көшөгөсү​нү​н айырмасы

Разак Сайдилкановду мажар түркологунун кыргыз этнографиясын абдан жакшы билгени өзгөчө таң калтырган.

- Мисалы, музейге барсаң, көшөгөлөр турбайбы. Бизге жөн эле көшөгө да! Коңур айтат: “Эй, мынабу келинге берилген көшөгө экен. Бул байбиченин көшөгөсү экен". Ал шырдактын жана көшөнүн оймолорун да чечмелечү. Бир жолу Көркөм өнөр музейине барганда андан: “Келинге келген көшөгө экенин кайдан билесиң?” - деп сурадым.

Кыргыз эч бир боёкту жөн эле сүртүп койбойт. Дүйнөдөгү башка элдер кооздук үчүн көчөдө көрүнгөн гүлдү деле, түстү деле сызып коё берет. Кыргыздын ар бир боёгунда тарых бар, адат бар, салт бар. Кештедеги мына бу тегеректи көрүп турасынбы? Санап көр, тогуз тегерек. Алар келинге 9 ай көтөрүп, балалуу болсун деп тартылган.

Мына, кемпирдики, 12 тегерек. Ал тегеректер 12 айдан аман чыксын, дагы көп жашасын деп түшүрүлгөн. Ал эми келинге дегени эсимден чыгып кетти...

Илимпоз жашаган үйдүн дубалындагы эскерткич. Будапешт, Мажарстан.
Илимпоз жашаган үйдүн дубалындагы эскерткич. Будапешт, Мажарстан.

Ал түрк элдеринин этнографиясы жана түркология боюнча 30дан ашык илимий эмгек жазган.

Анткен менен Разак Сайдилкановдун оюнча, Иштван Коңур Мандоки өзүнүн алдына койгон чоң максатын аткара албай, мезгилсиз кетип калды окшойт.

- Коңурдун эң чоң максаты - бүт түрк тилдерин реконструкция кылып, эски түркчөдөн баштап, бүгүнкүгө чейин кандай өнүктү, кайсыл учурда кантип бири-биринен ажырап кетти, ошонун лексикалык, фонетикалык, семантикалык өзгөчөлүктөрүн камтып бир китеп жазсам дечү. Кудай кааласа бүтөйүн деп калды. Анан: “Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл, аягың менен тик түшөсүң", - деп каткырып калчу.

Бирок илимпоз-түркологду 1992-жылы 22-августта Түндүк Кавказда Дагстандын Махачкаласында илимий сапарда жүргөндө каардуу ажал тузагына алат.

Иштван Коңур Мандокинин керээзине ылайык, анын сөөгү ошол жылы 3-сентябрда ал кездеги Казакстандын борбору Алматынын ыптасындагы Кеңсай көрүстөнүнө казактын залкар уулдары: Советтер Союзунун Баатыры, жазуучу Бауржан Момуш улы жана композитор Шамшы Калдаяковдун бейиттеринин жанына коюлат.

Иштван Мандоки Коңурдун англисче “Чыгыштан көчкөн келгиндер” китебинин мукабасы. 18.5.17.
Иштван Мандоки Коңурдун англисче “Чыгыштан көчкөн келгиндер” китебинин мукабасы. 18.5.17.

Китеп демекчи, Иштван Коңур Мандоки чогулткан 16 000 китеп жана баа жеткис кол жазмалар ушу бүгүн Астанадагы Эл аралык түрк академиясынын китепканасында сакталууда.

Алардын арасында мажар чыгыш таануучусу Кыргызстанга келгенде жыйнаган илимий жана адабий китептер да бар.

Айтмакчы, үстүбүздөгү жылы 18-майда мажарстандык этнограф адис Дөөт Кара Шомфайи (Dávid Kara Somfai) Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында чыгаан түрколог жана кыпчак таануучу Иштван Мандоки Коңурдун (István Mándoki Kongur) эмгектеринин "Чыгыштан көчкөн келгиндер" аттуу англисче жыйнагын (Mándoky, István Kongur. Newcomers from the East: Hungarians and Kipchak-Turks in Europe / With a historical introduction by Peter B. Golden; Edited by Ádám Molnár. – Budapest: Molnar and Kelemen Oriental Publishers, 2017.) Ала-Тоодогу чыгармачыл коомчулукка тааныштырды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG